www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө “индиялык штаммдын” белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталганына байланыштуу Нур-Султанда санитардык-эпидемиологиялык талапты күчөтүүнү тапшырды.

"Белгилүү болгондой, борбор калаада коронавирустун дельта-штаммга мүнөздүү болгон, тез жуккан жана тез өнүккөн, ошондой эле кесепеттери оорураак мутациясы аныкталды. Бүгүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү тапшырам", – деди Мамин.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды керектүү жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Нур-Султан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча “кызыл” зонага кирет. Шаарда өткөн суткада вирус жуктурган 323 жаңы учур катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости