www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги эне-аталарга кайрылды

Билим берүү жана илим министрлиги эне-аталарга кайрылуу жасады. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Хабарова Ольганын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Бизге маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Хабарова Ольга толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай Хабарова Ольга жансыз абалда табылган.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Хабарова Ольга Константиновна 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.

Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Кайгылуу окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникулу маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат, - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости