www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токсонунчу жылдын ортосунда Кош-Дөбөдөн бир карыя келип менин келинчегим Гүлайымга: «Мен Эсенбайдын жээк-жаты болом. Эсенбайдын зор касиети болгон, таңга маал күн чыгыштан нур чачырап, элеси келип турат. Менин таяке -тайым  болгондуктан бизге да бир касиети ооп жатат. Күн чыгыш жак алоолонуп өрт болуп күйүп турат. Эсенбайга куран окуп тургула, куран үмтөтүп турса керек» деп кетиптир. Ал  кезде Эсенбайга «скептически» кароочумун, ошол үчүн мыйыгыман күлүп койдум. Эсенбай дегенде дайыма куран окутуп, эт-бетинен кетип жүргөн Бермет эжекем муну уккан соң атайын Эсенбай үчүн келип бир кой союп, бир топ туугандар менен Карой туштагы Эсенбай жайлап жүргөн жаздоосуна бардык. Ал жерден Эсенбайдын конушу кай жерде экенин атамдан сурап алып ошол жерге очок жасап куран окутканбыз. Кайра тартканда жол эски мүрзөлөр менен өтөт экен. Атам, Бермет эжекем, Сиезбек байке болуп бир машинада кетип баратканбыз. Эми ошолордун арасында көзү тирүү  мен эле калыпмын. Бермет эжеке: «Ата балдарга Эсенбайдын жаткан жерин көрсөтө кетиңиз» деп калды. Атам машинаны токтоттуруп Шамендин уулу Байтеректин күмбөзүнө чукул тапталып калган эски мүрзөлөргө келип: «Балдар чоң атаңар Эсенбай да, чоң апаңар Сүйүн да ушул жерде жатат, эми андан бери канча убак өттү, бөлбөй эле койгулачы» деген. Байтеректин күмбөзү тарапты көрсөтүп: «Чоң атаңардын сөөгү ушул тарапка коюлган» деп, кичине бери жакты көрсөтүп: «Чоң апаңар Сүйүн, ошол кезде каза болгон Чүкү уулу Акмат ушул тарапта» деп жалпы жаткан арбактарга куран окуганбыз.

Эсенбай согуш башталган соң көз жумат, менин таятам Султаке да согуш башталган соң Кара-Кужурда аркы дүйнөгө кетиптир. Апам айтып айтып калчу таятабыз көз жумган соң атка артып, боз үй көрсөк эле, токтоп өкүрүп-өксүп келатабыз деп. Эсенбай да согуш башталган соң каза болуптур. Кетер алдында керээзин айтып кетиптир. «Бул согуш узакка созулуп калат го. Азыр жанымда жүргөн балдарымдын бардыгын мага аш бергиче согушка алып кетет. Ошол үчүн менин көзүм өтөөр менен көп өткөзбөй балдарым согушка кете электе ашымды өткөзүп калгыла» -деп. Эсенбай айткандай ал өлгөн соң бир жылга жетпей балдарынын барын согушка алып кетет, улуу согуштан бир гана Келдибек оор жараат менен аман-эсен келет, калган балдарын согуш жуткан. Келдибек да оор жараат алып талаада калып калат. Атамдын айтуусунда өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда Эсенбайдын элеси көз алдына келет.Эсенбай аны тургузгусу келип жөлөп-таяп турду дечү атам. Ал мезгилде Эсенбаев Келдибек өлдү деп алыскы Кыргызстанга кара кагаз кетет.Ошондо атама бериле турган сталиндик 100 грамм аракты дайыма ичип турган бир орус үч суткадан соң көп жакшылык кылды, көрүнбөй калды, бир карап көрөйүнчү деп согуш талаасына барса атам кансырап өлүм алдында жаткан болот. Ошол жерден алып келип госпиталга жөнөтөт.

  

ЭСЕНБАЕВ НАМАЗБЕК (1900-1945 ж.ж. ), артында Жамила, Бүбүсайра, Акылжан (Тоңдун Кара-Шаарында жашаган, 1975 жылы карындашым Венка экөөбүз пионердик лагерге барганда үйүндө болгонбуз), Бүбүкан, Урумкан сыяктуу кыздары, Рысбек деген баласы бешикке жаңы салынган боюнча калган. Намазбек жумушчулар батальонуна барып, аман-эсен кайтып келе жатыптыр, поюздан чогуу келаткан адам өлөрүндө көргө ала кетпейин деп айтыптыр, Колунда оролгон наны бар эле, ал мезгилде нан өтө кымбат азык болгон. Биртке граммдап берген нанын балдарына чогултуп жүрсө керек, эмне себептен экени белгисиз, поюздан ыргытып жиберишиптир. Аны айтпай жүрүп большевиктен бир карыя келип өлөөрүндө айтып кеткен экен. Карыяны Акылбек байкелер жакшылап сураштыралы деп издеп барышса каза болуп калыптыр. Ойлоп алып көздөн жаш сызат. Өзү кесерип ачка жүрсө да, балдарын ойлоп байкуш нанын чогултуп жүргөнүн кара. Балким ошол наны аны эрте өлүмүнө себепкер болгондур, балким нанына кызыгышып аны жок кылгандыр. Анткени, большевиктик карыя атайын келип өлөөр алдында келип айтпас эле...

Намазбек Эсенбайдын элүү жашка толгондогу баласы экен. Элүү жашка толгончо Эсенбай эркек бала көрбөптүр улам бир кыздуу боло бериптир кыздарына оригиналдуу ат койо берген Бармактай, Тырмактай аягында тажап кетип Болду деп ат койот. Болдудан  менин эки классташым туулган. Болдунун Эсеналы деген уулунан Кайырбү апа туулган. Бирок аны Касымкул ата багып алган. Ага Рысбек байке Эсенбайдын тукумусуң деп айтты деп укчубуз, ал өтө катуу адам болгон, андан келиндери зиркиреп жалтаңдап турчу экен. Ошол кезде апам, Жамалкан жеңелер жаш келин болсо керек. Оо Аманкулдун апасы азыр да сөөлөтүнөн жазбайт дешчү. Кайырбүбүдөн Аманкул деген классташым. Ал эми Болдунун дагы бир кызын Калчанын Мукашы алат. Мукаштан Азырбү, Туйтунун апасы, Чөкөн. Азырбүдөн менин классташым Каныбек.1982-жылы Армияга кеткен боюнча  Пермде милиция болуп калды, ошол жакка барган кыргыздарды бакчу, бизди бир келип кетпейсиңерби деп калчу, ана-мына болуп отуруп бир барган жокпуз. Коронавирус убагында ошол жактан күм-жам болду. Ажыбек классташым  видеосун көрдүм күр деп эле бир топ өлүктү төгүп көмүп салды дегени эсимде. Ажыбек деле алыс эмес, Ажыбектин апасы Жамила апанын кайынсиңдиси. Жамила ападан Асип, Асиптен менин классташым Айымкан. Ушинтип тууган санашып отурсак менин классташтарымдан эле төртөө Эсенбайдын тукуму болуп чыгат.

Ошентип Эсенбай эркек бала көргөндө сүйүнүп кетип ал кезде атагы алыска кеткен Шаменге ат койдурганы барат. Ал кезде эрте эле карып калчу окшойт, токсонду таяп калган Шамен наристени карап оор күрсүнүп,унчукпай отуруп калат. Сергил апа айтат: «Йе абышка кичи таякең Эсенбай келиптир. Элүү жашка толгуча эркек бала көргөн жок, эми эркек балалуу болуптур. Атын коюп бербейсиңби?» -деп. Шамен ойлонуп туруп «Кулкулдабат болсун» деп койот. Бары эмнени айтып жатат деп түшүнүшпөй отуруп калат. Сергил апа: «Ыя абышка кичи таякең Эсенбай атайы келип жатса, кантип ушундай ат болсун» дейт. Шамен: «Оозума намаз келген турбайбы, Намазбек болсун» деп аты Намазбек болот. Ошондон баштап  чоңчарыктардын аттары «бек» деген уланма кошулуп бир кылым жүрдү.

Бешикте калган Рысбектин фамилиясы башка экен деген сөздөр чыгышы мүмкүн. Атам бул сырды узакка сактады көзү өтөөр алдында гана айтты. Согуш убагында Намазбек тылга барат, ал эми анын бир тууганы Турдубек согуш кайнап турган жерде барып курман болот. Ал кезде согушка катышып курман болгондордун балдарына бир-аз азыркыча айтканда жөлөк пул берилип турат, тылга баргандарга берилген эмес. Атам актив болуп жүргөн да Намазбеков десек акча берилбейт экен, Турдубеков десе акча берилет экен деп Калый апага айтса керек, ошентип анын макулдугу менен Турдубеков болуп калыптыр.Чындыгы туура эки бир тууган да анча-мынча болсо да жетимдер акча алып турганы оң эмеспи. Рысбек атасынан бешикте калган.

 

ЭСЕНБАЕВ НАДЫРБЕК (1905-1942) жумушчулар батальонуна барып, бул да  ошол жактан дайынсыз жок болгон. Бала кезде Келдибек Жайлообайдыкында жүрүп жарым жылда бирден кой же козу келип турчу экен. Бир жолу Келдибекти бир койду берип жиберип артынан ата-энеси менен учурашып келсин деп жиберет. Ал кезде атасы оокат кылсын деп койду агасы Надырбек 160 пуд талканга алмаштырып жиберет. Келдибекти көргөндө Эсенбай муңканып: «Ушул койду жеп эле алалычы дедим, балдар болбой талканга алмаштырып жибербедиби» дептир. Ал кезде Эсенбай кулакка тартылып, оокат-ашын бүт алып коюп, өзү карылыкка баш таяп калган.Ошондуктан, талканга алмаштырып жибергени эле тура болгон. Койду союп бир жеп алмак талкан менен канча күнгө оокат кылат.

 

ЭСЕНБАЕВ ТУРУМБЕК (1917-1942 жж) Согуштун өзүнө чакырылып, аскерге жөнөп кетет. Дайынсыз жок болгон.

 

ЭСЕНБАЕВ ТУРДУБЕК (1919-1943 ж.ж.), Украина фронтунда курман болгон, Бир ирет үйлөнүп, ажырашып кеткен, экинчи жолу үйлөнүүгө үлгүргөн эмес. Атамдан Турдубектин кетирген аялын көрдүм деп угуп калгам, кайсы мезгилде көргөнүн, ал ким экенин тактап айта албайм. Турдубек дайынсыз жок болду, эми анын кимге кереги бар. Он эки –он үч жашында колхоздо бел чечпей иштеген Турдубек колхоздо бригадир болуп калат. Жөн кишини бригадир кылмак беле, кулактын баласы болсо, тыңдыгынан жүрүп ал кызматка жеткен экен. Турдубек жаш кезинде эрезеге эрте жетип, ал кезде колхозду мыкчып турган Султаке уулу Бейшеке менен жакын жолдош болгон. Бейшеке көп ирет Эсенбайдыкында оокаттанган, Эсенбай кулакка тартылып запкы жеп жаткан учурда. Кийин ал дайынсыз кеткен соң,  Бейшекенин карындашы Күлүйпаны иниси Келдибек алат. Турдубек согушка кетерде кампачы Жыпар менен биригип бир ороо толтура дан толтуруп кетет. Ал кезде Турдубек өтө чоң тобокелчиликке барыптыр. Эгер билинип калса Турдубекти орду-түбү менен жоготмок. Кийин Келдибек согуштан келгенде да ошол ороонун данын жеп турушкан экен. Эми аны сактап жесе керек. Анын ашы биз 7-класста окуп жатканда 1978 –жылы 23-февралда анын келбесине түңүлүп берилген.

 

ЭСЕНБАЕВ БЕРДИБЕК (1922-1943 ж.ж.), Беларусь фронтунда курман болгон, авиацияда кызмат өтөгөн, үйлөнүүгө үлгүргөн эмес. Ополоң тууралуу көп сөздөр артында калды. Ополоң болсо тополоң жасап жиберчү деп Сакы уулу Болотбек көп айтчу. Болотбек Ополоң тууралуу сөз кылганда башын чайкай турган мындай өрт балдарды согуш жоготподубу деп. Өтө курч бала болуптур. Атамдын айтканы бар бир жолу бала кезинде суу сугарганы барат. Жашап калган эле бир киши келип: «Атаңдын оозуңа урайын кулактын балдары...» деп качырды дечү. Ополоң бала болсо да качпай: «Биз кулактын балдары эмеспиз» деп тике качырып кирди дейт. Эсенбайды кулакка тартып бирок жашы улгайып калгандыктан, үй мүлкүн талап, үй түрмөгө кесиптир.

 

ЭСЕНБАЕВ КЕЛДИБЕК (1923-2015 ж.ж.) Беларусь фронту, Витебск шаарын бошотууда оор жарат алып майдандан кайтып келген. Эсенбаев Келдибек согушка  аттанганда башкаларчылап түз эле алып кеткен эмес. 1942-жылдын августунда атам Улуу Ата-Мекендик согушка жөнөгөн. Алгач Түркмөнстандын Кушкасында 2-3 ай командирликке окутуп, анан Бишкек аркылуу өтүп Саратовго кеткен экен. Анын, мектеп директору катары жана башка бир туугандары бүт согушка жана тылдагы эмгек лагерине аттанып, жалгыз бала катары Келдибектин согуштан калганга «брону» болсо да өз ыктыяры менен фашизмге каршы жөнөйт. Жогорку билимдүү мектеп директору катары 1942-жылы алгач Кушкада эки ай даярдыктан өткөрөт. Күздүн күнү болсо да Кушка ысык экен. Ал жерден даярдыктан өткөн соң согушка аттанышып, Бишкек аркылуу өтө турган болот. Эсенбаев Келдибектин Бишкек аркылуу өтөөрүн билген жакын туугандары вокзалга аны менен коштошуп калууга келишет. Бир гана аянычтуу нерсе Кеминдеги эжелери Келдибек өтөт экен деп Кеминден жөө, арабалап келатып, атам менен жолугушканга жетишпей калыптыр. Поюз жөнөп кеткенден кийин келип калышып, ошол жерде коштошпой калдык деп боздоп ыйлашкан дешет.

Саратовдон снайпер катары 38-чи аткычтар дивизиясынын 48 аткычтар полкуна бөлүшүптүр. Бул дивизия Сталинград фронтунда салгылашып тамтыракайы чыгып калган экен. Аны 116 аткычтар дивизиясы менен алмаштырып Саратов облусуна 1942-жылдын 11-октябрында алып келип 22-ноябрга чейин кайра түзүп жаткан экен. Түзүлө элек жатып согушка кирет.

1943-жылдын сентябрында дивизияны кайрадан түзүү максатында Унеч станциясына алып келет. 1943-жылы 20-октябрда Армиянын генералы Рокоссовский башында турган Белорус фронту түзүлөт. Бул дивизия Белорус фронтуна кошулат. Речица шаары үчүн салгнылашууну баштап, Шатилки, Мольча, Чирковичи станцияларын бошотот. 1944-жылдын январында Калинковичско –Мозыр операцияларында катуу жоготууга учурап, 25-январда резервке чыгарылат. 24-февралда толуктоолор менен кайрадан согушка кирет. Толуктоолордон соң дивизия 19 мартта айыгышкан согушка кирип Мокраны, Тур, Краска райондорунда душманга каршы жан аябай согушуп, Батыш двина дарыясында, Витебск шаары үчүн кан төгүлгөн салгылашуулар болот. Витебск шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Эсенбаев Келдибек «Кызыл Туу» («Красное знамя») орденине татыктуу болгон.

 Ушул оор салгылашууларда Эсенбаев Келдибек жарадар болуп талаада үч күн жатып калат. . Ушундай оор салгылашууларда  атам кайтпай калган соң бир орус балким тирүү болбосун деп издеп талаадан таап, кансырап жаткан атамды алып келет. Аны санчастка андан госпиталга алып кетип, бутун кесмей болот. Бутун кестирбей койот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости