www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов Кемин районунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Жыйында жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин көтөрүштү. Алардын ар бир арызы Башкы прокуратуранын жана ИИМдин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары тарабынан жеринде кабыл алынып, чукул арада тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Жолугушууга Кемин районунун аймактарынан келген 300гө чукул тургун катышууда.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, бийлик өкулдөрү аймактарда эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угушууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости