www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан борбору элден жардам сурайт

Кыргызстанда донордук кан жетишсиз. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

Уюмдун директору Нурила Алтымышева баштаган кызматкерлер кан тапшырганы айтылды.

«Республикалык кан борборунун маалыматы боюнча, кан куюу үчүн запас дээрлик түгөнгөн. Бүгүнкү күндө кандын III (B) терс (Rh-) тобу жок», - деп белгилешти борбордон.

Кан тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор болбошу керек жана башка суроолорду 0312541913 телефону аркылуу билсеңиз болот.

Республикалык кан борборунун дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60. Кан саат 8.00дөн 14.00гө чейин алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости