www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров элге кайрылуу жасады

Валюта базарындагы абал көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген интервьюсунда билдирген.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, банктар уставдык капиталынан башка каражатты пайда катары кардарлардан алуу, киреше табуу үчүн иштейт.

"Депозитке, башка жактардан насыяга алат. Ошол аркылуу акча таап, насыя берип, ошондон киреше табат. Азыркы тапта Орусия менен Украинанын ортосундагы атайын операциядан соң валюта рыногунда өйдө-төмөн, олку-солкулук орун алып жатат. Буга чейин жергиликтүү банктар чет элдик валютаны Орусиянын банктары аркылуу алып келсе, азыр айланып башка өлкөлөр аркылуу ташып жатат. Анын өз баасы бар экен. Банктар өз пайдасын көрүүгө аракет кылып жатат. Биз ага каршы деле эмеспиз. Ушул жерден бир нерсеге көңүл бурушубуз керек. Биз 30 жылдан ашык убакыттан бери капитализмдин шартында жашап жатабыз, бирок муну унутуп калып эле илгерки коммунисттердей талап коюп жатабыз", - деген ал.

Акылбек Жапаров банктардын маржасын кароо пландалып жаткандыгын айткан. "Өлкөдө акча-кредиттик саясатка Улуттук банк жооп берет. Биз тапшырма бергенбиз. Алар банктар канчалык туура пайыздарды коюп жатканын карап, текшерип жатат. Банктар 1-4 пайызга чейин комиссия коюп жатат. Азыр анын үстүндө иштеп жатышат. Бирок суроо-талап сунушту жаратат экен. Жалпылап айтканда, андай чоң маселе жок", - дейт Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкөдө "валютанын кара базарынын” пайда болушуна байланыштуу кырдаалга комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, биздин өлкөдө эркин базар калыптанган. Ошондуктан эч ким алданбаш керек.

"Акчанын баарын банктардан алуу зарыл. Акча которууларды банктар аркылуу жүргүзүү абзел. Бизде доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт да аракеттерди көрүп жатат. Азыр дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп ойлойм. Башка өлкөлөрдөн валюта келип - кетип жүргөн, азыр деле келип-кетип жатат. Тек гана Орусия менен Казакстанга көбүрөөк кетип жатканына көңүл бурдук. Ал боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Украинадагы окуялардан улам бизге кыйынчылык жаралып жатат. Мурда 2,5 миллиард доллар менен келчү, азыр рубль менен келе баштады. Ошондуктан Орусияда да, бизде да рублда бир-эки курс пайда болуп калды. Бирок биз рублга жооп бере албайбыз. Биз сомдун курсу үчүн жооп беребиз", - дейт Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости