www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы укук коргоо органдарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда алар Ош эл аралык аэропортундагы жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүштү.

Жамалдинов Ош эл аралык аэропорту аркылуу каттаган өзбек жарандарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун сактоо, алардын үчүн шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

“Ош эл аралык аэропорту аркылуу каттаган башка өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун сактоо биздин милдет. Акыркы коомчулукта сөз болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча тезинен иш алып барышыбыз керек. ИИМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы Ош эл аралык аэропортунундагы таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакырыңыздар. Ал эми милдеттеринен аша чапкан айдоочулар болсо мыйзам чегинде чара көрүңүздөр”, - деди ал.

Жыйында облус башчысы Ош эл аралык аэропортунун жана Достук чек ара бекетинин аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле Ош эл аралык аэропортунан Достук чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин интернетте Ош аэропортундагы такси айдоочуларына нааразычылыктар тууралуу видео тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости