www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москваны көздөй мойтойо качкан Кожошев ЕЭКтин энергетика министри болду. Уккан маалыматтарга караганда белгилүү ресторанда чоң салтанаттуу үлпөт тоюн өткөзүп кызматын жууду дешет. Албетте, бул тойго элдин барын чакырбайт, капчыгы калыңдарды жана мансабы бийиктерди гана.Эшек бизнесинин бети ачылып калган соң Арзыбек Кожошев Кыргызстанга батпай, Москвага барып жабышкан. Албетте, Москва Бишкекке караганда чоң шаар эшек бизнесин гүлдөтсө болот. Кожошевдин ордуна көлдүк Касымалиев келгени белгилүү. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган. ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөндүгүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат.

Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет. Аталган жол-жоболор бир ай чамасында убакытты алат.

Эркелөө жагынан алдына киши салбай президент Акаевден баштап, президент Жапаровго чейин эркелеп келген Арзыбек Кожошев, көрсө «эшек бизнесине» таянат окшойт. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында Биринчи Евразия экономикалык форумунун даярдык жыйыны өтүүдө. Азыркы учурда форумга толук кандуу даярдык жүрүп жатат. Форумга катышуу үчүн 15 өлкөнүн өкүлдөрү билдирүү бергенин, негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн (Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан жана Беларусь) экенин белгиледи. Бирок арасында алыскы чет өлкөлөр дагы бар: Латын Америка, Түштүк-Чыгыш Азия, Корея жана Венеция. Жалпысынан форумга катышууга 2 миң 500 катышуучу катталды.

2001-жылы Евразиялык интеграция идеясы Евразия экономикалык шериктештиги катары (ЕврАзЭС) жүзөгө ашырылган, ал эми 2015-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдиги катары түзүлгөн (ЕАЭБ). Ага Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Казакстан кирет. 2016-жылы биринчи жолу “Евразиялык жумалык” - көргөзмө-конференция өткөрүлүп, ал Москва шаарында, Сколково инновациялык борборунун технопаркынын аймагында уюштурулган. Келечекте катышуучу-өлкөлөр “Евразиялык жумалык” ар бир жолу аны өткөрүү учурунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке төрагалык кылган ЕАЭБ мүчөсү тарабынан өткөрүлөт деп макулдашылган.

2019-жылдын аягында аталган иш-чаранын статусун көтөрүү чечими кабыл алынган. ЖЕАЭК мүчөлөрү “Евразия жумалыгын” Евразия экономикалык форуму форматына өзгөртүүнү чечишкен. Ошентип, келечекте аны жыл сайын өткөрүү пландалып, бирок 2020 жана 2021-жылдардагы жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдан улам форумду өткөрүүдөн баш тартууга туура келди.

 «Эшек бизнеси» десе Кожошевди, Кожошев десе «Эшек бизнесин» ойлоп баратабыз. «Эшек бизнесинен» пайда көргөн минкабдын биринчи орун басары Кожошев колдогон ардактуу кеңешчиси болгон. Акыркы мезгилде айыл жерлеринде мурункудай айкырган эшектердин үнү угулбай калды. Көрсө, эшектерди союшуп, анын этин жылкынын эти катары кымбат баада сатышкандар бар экен. Негизи, эшекти арам катары мусулман калкы этин жешпейт, ал эми Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдө эшектин этин жакшы эле пайдаланышат. Мусулмандарга деле эшектин этин жедирсе болот экен, мисалы, самсы жана башка эттен жасалган тамактарда ичин ачып ким текшерип жүрүптүр, эшектин этин жебеген кишилер билбей эле жылкынын эти катары жей беришет да. Анын үстүндө ар кандай чөп-чар кошушса бул эшектин эти деле даамдуу болуп калат экен. Самсыкананын биринде өтө даамдуу самсы даярдалчу экен, биздин кесиптеш агалардын бири дайым ошол жерден самсы алып жечү экен, кийин ал эшектин этинен даярдап жүргөнү маалым болуптур.

 Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара менен кармалган кеңешчисин кызматтан бошотконун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Кожошев кеңешчиси тууралуу тарап жаткан маалыматтар өзү үчүн күтпөгөн жагымсыз окуя болгондугун айтып, ыңгайсыз абалга келип олтургандыгын билдирди.

"Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем: УКМК тарабынан 2022-жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып,аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым.

Маалым болгондой, козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам. Бул иш менин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайм. Буга чейин кандай гана кызматтарда иштесем да элим үчүн таза иштеп келем. Мындан ары да элибиз үчүн ак ниет менен чын жүрөктөн таза кызмат кылам", - деп билдирди калтырган Кожошев.

УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси пара алуу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Ал 2016-жылы чет элдик ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес. Ал эми 4-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С., аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Кожошевдин кеңешчиси кармалган.

Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости