www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар АКШнын, Германиянын, Франциянын, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилерине, Европа Комиссиясына жана Европа Парламентине кайрылуу жасашты. Кайрылуунун текстти камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун Facebook баракчасына жарыяланды.

Камакта жаткандар дипломатиялык мекемелер менен эл аралык уюмдардан Кыргызстандын жогорку бийлик жетекчилерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция киргизүүнү суранышкан. Тизмеде президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Уулан Ниязбековдун аты аталган.

“Жогоруда аты аталган жогорку мамлекеттик кызматчылар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна, коррупцияларга, жарандык коомду, эркин журналисттерди, укук коргоочуларды жана оппозициялык саясатчыларды куугунтуктоолорго түз дагы, кыйыр дагы тиешелери бар деп эсептейбиз”, – деп жазылат кайрылууда.

Камакта жаткандар учурдагы бийликти Россиянын мыйзамдарын көчүрүп, алардын тажыйрыйбасын алуу менен адам укугун, сөз эркиндигин жана саясий атаандаштыкты чектеп жатат деген пикирди айтышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда жапырт кармалган 27 адамдын 14ү камакта жатат. Калгандары үй камагына чыккан. ИИМ кармалгандарга “массалык тополоң уюштурууга даярдык көргөн” деген айып таккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости