www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында депутат Кенжебек Бокоев 2019-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашасы жалпы 11,7 млрд сомго аткарылбай калганына токтолуп: "Анын ичинен социалдык тармак боюнча чыгашалар 4 млрд сомго аткарылган эмес. Бул багыттагы жасалбай калган иштердин тизмесин айтып койсоңуздар?" - деп Өкмөткө кайрылды.

Каржы министри Кыялбек Мукашев социалдык багыттагы мамлекеттик милдеттүү төлөмдөр 100% аткарылганын белгилеп, бирок 4 млрд сомдук жетишпестик тууралуу толук жооп бере алган жок.

Өз кезегинде депутат Кенжебек Бокоев бюджетти аткара албаган кызмат адамдарына кандай чаралар колдонулганына кызыкты.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева: "2020-жылдын 17-декабрындагы №678 буйрукка ылайык, каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовго катуу сөгүш, Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыковго сөгүш жарыяланып, башка кызматкерлерге да чаралар көрүлгөн", - деп кошумчалады.

Депутат Кенжебек Бокоев: "Жөнөкөй жарандар жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөп жатат. Ал эми мыйзамды аткарбагандарга Өкмөт сөгүш менен гана чара колдонууда. Анда муну мыйзам катары кабыл алыштын эмне кереги бар?", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости