www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жылдан бери сандырактай берип, жетер жерге жетип калдык көрүнөт. Мындан да артка кетсек, чырактай кыз-келиндерибиз, бакандай жигиттерибиз дагы деле башка өлкөлөрдө кул болуп жүрө берсе, улутубуздун келечеги кандай болот? Бул өлкө кимге калат? Мындай пикирин профессор Сулайман Кайыпов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Депутат Акылбек Жапаровдун «Азаттык» жарыялаган пикирин окуп оозум ачылды. Ал ашык-кеми жок: «Керек болсо эшелон-эшелон кылып поезд менен балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын - 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып...» дептир. Бул депутаттын сөзү. Уугуп кетип, төмөнкүдөй коммент жаздым. «Азаттык» жарыялайбы, жокпу, билбейм. Фейс-досторум силер менен бөлүшүп коёюн дедим.

Ой тообо! Ошондой да кеп болобу?

Андан көрө, депутат Акылбек Жапаров:

«Эй, кыргыздын колунда бар, капчыгы толо уул-кыздары! Отуз жылдан бери сандырактай берип, жетер жерге жетип калдык көрүнөт. Мындан да артка кетсек, чырактай кыз-келиндерибиз, бакандай жигиттерибиз дагы деле башка өлкөлөрдө кул болуп жүрө берсе, улутубуздун келечеги кандай болот? Бул өлкө кимге калат? Эсибизге келели, анча-мынча жыйнап алган мал-мүлкүбүзгө ишенип эсирбейли! Ал мал-мүлк чын-чынына келгенде ушул элдики эмеспи. Агынан жарылып айта турган болсом, бир нечебиз аябай байып кетпесек да, эпчилдик менен байсымак болуп алганбыз. Эми баарыбыз арууланалы, самолюстрациядан өтөлү! Кол эмгегине, акыл эмгегине жарамдуу адамдарыбызды өз өлкөбүздө пайдаланууну ойлонолу.

Мигранттык турмуштун жүзү курусун, эй байсымактар, канчалаган тагдырлар кыйрап жатат. Урма-дурма келип жаткан «Жүк-200» деген балээни айт! Канча бала кароосуз калып, ата-эне мээримине зар болуп, жат бүлөдө өсүп жатат. Алардын келечеги кандай болот? Тирүүлөй жетим болуп, көз жашы көл болуп зарлаган балдардын убалы кимге? Биз алардын тагдырын ойлобосок, адам экенибиз кайсы, кыргыз экенибиз кайсы? Анча-мынча жыйнап алган байлыгыбыздын кереги ушуларга, өлкөбүзгө тийбегенде ташка тийеби? Мигранттар жиберген акча менен күн көрүүнү улантып туралы дегенге мындан ары эч кимибиздин кымындай да акыбыз жок!

СУНУШ КЫЛАМ: баарыбыз биригип, ортого каражат чыгарып, ӨНДҮРҮШ ФОНДУН түзөлү. Балдар-кыздарыбызды бөтөн элге жалдыратпай, алар үчүн орток иш орундарын ачалы. Ошону менен өлкөбүздө ар кыл тармактар боюнча өндүрүштү да жолго коёлу. Экономикабыздын тиреги ошол биз баарыбыз биригип ачкан орток ишканалар, өндүрүш борборлору болуп калсын. Ак эмгек менен байыган адамдарыбыздын саны артып, бюджетибизди төлөгөн салыгы менен толтурсун. Убакыт жок, кичинеден болсо да кечиктирбей баштайлы. Ошону менен өзүбүздүн байлыгыбызды да эселеп арттырып алалы.

Ооба, ортого койгон байлыгыбызды эч ким жеп кетпейт, ал өзүнөн-өзү артып, арбып отурат. Бириктирип, кошуп, ортоктошо иш кылсак, бирибиз миң болоруна ишенем. Бар нерсесин өз элинен, өз өлкөсүнөн кызганган макулуктун абалына түшпөйлү! Бир тууган өзбек элинин уулдарынан өрнөк алалы. Алар өз өлкөсүн өнүктүрүү үчүн жүздөгөн миллион долларларды бюджетке кайтарымсыз төгүп берип, зыңгыраган бойдон басып кетип жатпайбы. Андай эрлер бизде жок экен! Ошентсе да, майдаланбайлы!

Мына мен ортого 1 000 000 (бир миллион) доллар чыгардым, колумдан келгени ошол! Силер да чыгаргыла! Ушул жаздан кечикпей, өндүрүш тармактарын жандандыралы, уул-кыздарыбызга иш берели! Тирүүлөй жетимдердин ата-энелери балдарына кайтып келсин! Улутубуз чачылбасын! Туубузду желбирете тутуп алып, өлкөбүздүн экономикалык, гуманитардык, адеп-ахлактык пайдубалын бекемдөө үчүн кара жаныбызды карч уралы!» деген чакырык таштаса, урматтуу депутатты түшүнөр элем, атаганат. Ага сый-урматым да артмак...

Кантели... Биздин жигиттердин капчыгы толгон сайын көөдөнү бошой берет окшойт го... Атын Акылбек койгон менен акыл-эстүү болуп калбайт көрүнөт... Каран калгыр ай, «Манасты тууган кыргыздын катындары Манас эмей эле, бул сапар, ушул Алишер Усмановдун чейрегине тете бир бала тууп койсо эмне-е-е-е...» деп өксүй түшкөнүмү кантип жашырам», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости