www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабековдун Кыргыз элине жана Өлкө жетекчилерине КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону, өз ыктыяры менен кызматтан кеткени тууралуу эл алдында билдирүү жасаган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, БШК мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө милдеттүү. Ошентип, 2021-жылдын 10-январы, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо датасы деп аныкталган. Жыйынтыгында өлкөбүздүн Президенти болуп Жапаров Садыр Нургожоевич шайланды. Бул жеңиши менен куттуктап, ишине ийгилик каалаймын!
Аталган шайлоо салыштырмалуу мыйзамдуу жол менен, добуштар акчага сатылбай жана форма 2-ни колдонбостон өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен катар референдум өткөрүлүп, анда шайлоочулардын 81,29% президенттик башкаруу формасына добушун беришти. Эми референдумдун жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет. Учурдагы парламенттик башкаруу формасы өзүн-өзү актай алган жок, жарандарыбыз башкаруунун бул формасына ишенбей калышты.
2020-жылдын 17-ноябрында (мөөнөтүнөн мурда) Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору коомдук талкууга коюлган. Бул долбоордун кабыл алынышы абсолюттук жана көзөмөлсүз бийликке алып келип, көзөмөлдөөчү жана тең салмактуулук системасын жоюуга алып келиши мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары минималдаштырылат. "Элдик Курултай" аталышындагы жаңы органды киргизүү пландалууда. Бирок долбоордо анын иш тартиби жөнгө салынган эмес.
Өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаалды жана дүйнөлүк COVID-19 пандемиясын, экономикалык жана социалдык оор абалды, ошондой эле күйүүчү майдын, биринчи кезекте керектүү азык-түлүктүн кымбатташын, жумушсуздукту, ички-сырткы миграцияны жана коррупциянын гүлдөгөн маалын эске алганда, Садыр Нуркожоевич Жапаров өтө оор мезгилде бул кызматка келди.
Проблемалуу маселелердин бири - кадр саясаты. Азыркы чиновниктер менен жетекчилердин көпчүлүгү ээлеген кызматтарына дал келбейт. Алардын ишинин натыйжасы жок, мамлекетте жогорку кесипкөй, туруктуу аппарат дагы жокко эсе. Ал эми коррупция менен күрөшүү, күтүлгөндөй натыйжаларды бербей жатат.
Дүйнөлүк пандемиянын башталышы менен, башка өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандын экономикасы дагы төмөндөп кетти. Бюджеттин тартыштыгы өсүп жатат. Тышкы жана ички карыздар көбөйдү.Учурдагы экономиканын абалы, жумушсуздуктун жогорку деңгээли интенсивдүү миграцияга алып келди. Мигранттардын укугун коргоо жана алардын өз мекенине кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Анткени өзүбүздүн өлкөбүз дагы адистерге муктаж.
Мамлекетибизде билим сапатынын төмөндүгү, бала бакчалардын жана мектептердин жетишсиздиги, ошол эле маалда деңгээли төмөн жогорку окуу жайлардын санынын көптүгүн белгилей кетүү керек. Учурдагы кырдаалдан өлкөнү алып чыгууга мезгил келди.
1. Мен төмөнкү негизги чечимдерди сунуштайт элем:
- улуттук идеологияны иштеп чыгуу;
- экономиканын артыкчылыктуу багыттарын жана аларды каржылоо булактарын аныктоо жана стимулдаштыруу;
- мыйзам бузуулар үчүн күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу менен, алынган баардык кредиттерди ревизиялап жана алардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүү;
- жогорку квалификациялуу адистерди тартуу менен аны оптималдаштыруу максатында мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартууну. Кадр маселелерин чечүүдө жакындарын, туугандарын, досторун жана башкаларды жердештигине, же өздүк партиянын мүчөлүгүнө карап дайындоодон баш тартууну;
- бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгын бекемдөө, анын ишинде мыйзамдуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу үчүн баардык чараларды көрүүнү;
- адистерди даярдоонун сапатын камсыз кылуу менен бирге, жогорку окуу жайларынын санын кыскартууну, кесиптик билим берүү системасын жандандырууну (трактористтерди, слесарларды, токарларды, курулуш, тоо-кен, айыл-чарба адистерин ж.б. даярдоо);
- Миграция кызматынын түзүмүн бекемдөө, биздин мигранттарды укуктук жана социалдык жактан коргоону;
- комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу менен 2021-жылды “Элибиздин ден-соолугун бекемдөө жылы” деп жарыялоону;
- мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун жана бекемделишин камсыз кылуу максатында:
• чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн баардык аракеттерди көрүүнү;
• укук коргоо органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн материалдык-техникалык базасын текшерүү жана тиешелүү деңгээлге жеткирүүнү;
• офицерлерди окутуп, такшалтууга жана алар менен бирге үй-бүлөлөрүн кошоо социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл бурууну;
• баарыбыз биргеликте коррупциялашкан чиновниктерге каршы согуш жарыялап, уурдаган каражаттарды өлкөнүн казынасына кайтарып берүү жана алар эч качан мамлекеттик кызматка кайтып келбөөсү үчүн чараларды көрүүнү;
• 2017-жылы Дача-Су айылынын (Манас аэропорту) жанындагы авиакырсыкты тыкан иликтеп күнөөкөрлөрүн жоопко тартууну;
• учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы COVID-19 пандемиясына даярдык көрүү боюнча териштирүүнү баштады. Мамлекеттин пандемияга даяр эместиги, бюджеттик каражаттардын, башка мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан алынган гуманитардык жардамдардын жана 749 миллион доллар суммасындагы насыялык акчалардын максатсыз пайдаланылышы баардыгыбызга маалым. Ошонун кесепети коронавирус инфекциясынын калктын массалык оорушу менен (айрыкча медициналык персоналдын) өлгөндөрдүн санынын жогорку көрсөткүчүнө алып келди.
Мурунку мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун начар иш-аракеттери, шалаакылыгы дагы кылмыштуу болуп саналат, жоопко тартылышы керек.
2. Жаңы Конституциянын долбоору боюнча мен төмөнкүлөрдү киргизүүнү сунуштайм:
- Эгерде партиялардын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 55 мандат болсо, 35 - бир мандаттуу округдар боюнча, анда ар бир округдун калкынын санын эске алуу зарыл;
- бийликчил партиялар менен бай адамдардын эле шайланышына мүмкүнчүлүктү жокко чыгаруу керек;
- эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти бийликтин аткаруу бийлигинин башчысы болуп калса, анда Премьер-министирдин ролу мыйзамда кандай аныкталат? Ошондуктан Өкмөттүн ишине түздөн-түз жооп бере турган вице-президенттин кызматын киргизүүнү сунуштайм;
- Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлиги жана кабыл алган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү бийлик бутагы болуп эсептелинет эмеспи. Ал эми бийликтин аткаруу бутагы – Өкмөт структурасы, бюджети менен Жогорку Кеңештен бекитилип, отчет бериши керек. Бул маселенин жаңы Конституцияда көрсөтүлүшү абзел;
- үч бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жана жоопкерчилигин эске алып, бир адамдын - Президенттин абсолюттук бийлигине жол бербөөсү аныкталсын;
- парламенттик шайлоонун жол-жобосу Конституциялык мыйзамда так көрсөтүлүп, эгер парламент мажоритардык менен дагы, партиялык система тарабынан дагы шайланса, шайлоочунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу талапкерге жана саясий партияга добуш берүү укугу боюнча так чагылдырылышы керек.
3. Мен Кыргыз элиме кайрылгым келет.
Бүгүн биз оор күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин колубузда. Баардык көйгөйлөрдү чечүүнү бир гана мамлекет башчысына, Өкмөткө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүктөө мүмкүн эмес. Кайдыгер мамиле кылуу бул чыккынчылык. Жеке жоопкерчиликти, абийирдүүлүктү көрсөтүп, жарандык милдетибизди аткарышыбыз керек. Келгиле, өзүбүзгө суроо берели: мамлекеттен талап кылаардан мурун өзүбүз Өлкөбүзгө эмне кылдык? Үйдө, үй-бүлөөдө баары жакшыбы?
Жол картасын өзүбүздөн баштайлы. Психологиябызды, аң сезимибизди жана ой жүгүртүүбүздү өзгөртөлүк. Биз жашаган көчөнүн, айылдын, райондун жана шаардын көйгөйлөрүн чечүүдө, өз жардамыбызды көрсөтөлү. Эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн дарыгерлердин, жергиликтүү бийликтин адистеринин талаптарын угуп, аларды аткаралы.
Жаш муундарды – республикабыздын келечектерин унутпайлы жана аларга туура тарбия берели. Кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине колдоо жана жардам көрсөтөлү. Ар бирибиз мекенибизди сактоого жана бекемдөөгө милдеттүүбүз.
Баарыңыздарды ынтымакка чакырам! Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн жеке жоопкерчиликти көрсөтүп, белди бекем бууп, биргеликте ушул кыйынчылыктарга туруштук берели! Жогорку тартип, биримдик жана тилектештик менен гана баарын жеңүүбүз шексиз!
Урматтоо менен, Кубанычбек Исабеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-4 чакырылышынын депутаты, вице-спикери.
Булак: NazarNews.kg