www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кетмен-төбөлүк сатирик акын Саяковский Кадырбек...

Кетмен-төбөлүк сатирик акын Саяковский Кадырбек...

1. Доорону сүрүп Кыргыздын дүңгүрөп турган кезинде, жоокерчилик заманда Улуу сактын борбору империя болуптур Кетмен-Төбө өрөөнү. Сак-саяктын борборун орус сууга бастырды, Миң-сандаган эстелик казылды, да ташылды. Мүзейлерге коюлуп, орус чоңдун үйүнүн текчесине жашынды...

Баш көтөрбөй кыргыздар кор болду, да зар болду. Бирок ага карабай сууга калган басылбай Торукен деген жер экен, өткөн менен кеткенди шап этектен кармаган, “Күн чыгышты” беттетип “Он сегиз жаш” ырдаткан, ырдай албай такалса, тилин буруп такалса “кыргыз эмес окшойт?” деп куйрук жакка нукуган, сөздүн кенин чукуган, бир аз шумпай эл экен. Ошол Торукен жеринен Сүйөркулов (Абды Сүйөркулов) чыгыптыр, оргуштаган Кадырбек (Кадырбек Керимбаев Саяковский) элдин көөнүн буруптур!..

2. ... Оргуштаган чырлуу шум талант бул өрөөнгө батпай, 90-жылдары “Ашуу ашкан суудай” атырылып, Ала-Бел менен Төө-Ашууну артка таштап Чүй өрөөнүнө кирип келип, Кашка-Суу менен Сокулукка байырлады да ыр дүйнөсүнө терең суңгүдү.

Сатиранын куйкумду отуна өзгөнү күйгүзүп, өзү да күйдү, чыйралды жана ого бетер каксоо болуп какшып, далай чоңдү какшатып, айрымдарын аксатып, өзү да бир топ аксады, бирок, калем учу ого бетер тапталды, калемпир-мурч болуп такшалды.

Теги кыргыздын кытай уруусуна таандык болуп, Чыңгызга тууган чыгып, Торукендеги саяктардын арасында жашагандыктан “Саяковский” аталып, кыз-келинди көргөндө Коргоол менен Барпынын айтуу ыкмасына өтүп, басма сөзгө келгенде Мидин менен Райкандын жазуу тамгасын колдонуп, Байдылдага жолукту: “Менин ордумду басчу сенсиң!” деген мактоого оолукту, талантын бура тартып, саясатка кире качып соолукту! 

Койлорду баштабай эле алдына салып айдап алган, айрымдарын канжыгасына олжо кылып байлап алган куу текенин мүйүзүнө асылды, ал челип таштай турган болгондо, “эки кадам арка, бир кадам алга!” деп калеминин артына жашынды, кайрадан күчтөнүп ага ок жыландай атылды!..

3. Жүздөгөн сырлуу жана чырлуу ырларды жазып Дооронбек Садырбевдин купулуна толду, Рахман Разыковдун ыраазычылыгына татыды. Ошондо Шайлообек Дүйшеев эскертүүлөр жана ак тилектер коштогон сөзү менен “Чыр Китебине” ак батасын берип катырды, жазгандарын окуган далай чоңдун жаны ачыды, ак ниеттүүлөр ыраазы болуп жашыды!..

Жазбаган чоңу калбады, жаманды да, жакшыны да жандады, баш бербеген жандарды сатира менен “жалмады. Сын айта берип бийликке, калган жок такыр арманы, далайлар муну каргады, далайы муну алкады!..

“Коргосо” адам укугун, “коргосо” диндин тукумун –  беттерин ачып алардын, көргөздү ырда “муштумун!” Батышы менен АКШы, арабы менен жалабы ачуу сөзгө басылды, айласы кетип шашылды, азабын берип колуна, алыскы чөлгө качырды, “жан койбойт окшойт бала!” деп, арабчыл-жөөтчүл жашынды!

4. Камалса Садыр жүгүрдү, көбү жандан түңүлдү, “коргоймун!” деп “баланы”, ММКларды “карады”, бирөөсү колдоп жазганын, башкасы тетир карады. Шылдыңдап күлсө бирөөсү, да бирөө болду кайдыгер. Ага деле болбоду, курч ыры менен коргоду, капталдан чыгып душмандар камынып турду сойгону!..

Чебичтер чыкты чекилдеп, фбга жазып текилдеп, улактар менен козулар ортонун салып  “мегин!” деп. Ошого деле болбоду, ой жеткенче коргоду, ооматы келип “баланын” оодарышта озгону, камактан чыгып Садыры кыйкырса сөзү чоң болду!..

...Өткөндө чалып телефон, “жетимиштен аштым!” деп, “китебимди ачкын!” деп “баш сөздү өзүң жазгын!” деп, жарга инисин такады, эми Сарийүп кайда качады?.. Төө Ашуу беттеп зырылдап Токтогулга батабы? Анда деле таап алат, “Күн чыгышты” бетте!” деп, “Он сегиз жашка” келгин!” деп заңкылдатып ырдатат, Шамшыкалдын тузунан “жалагын!” деп кууратат!..

Ушинтип жаздым баш сөздү, баш сөздү эмес маш сөздү...

Аман болгун абакем, курч сөздүү Сиздей бар бекен?..

Жердеш иниңиз Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости