www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз жазды. Ал депутаттык мандатты кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук отурум 25-июнь күнү саат 15:00дө болот.
Буга чейин Жогорку Сот депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. БШК бул чечимди аткарган. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон Шерали Абдылдаев ээлеген.
Булак: NazarNews.kg