www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стратегиялык туруктуулук жаатында ийгилик жаратуу үчүн саясий эрк жана компромисске баруу жөндөмү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөп жатып айтты.

РФ лидери өлкө буга чейин коопсуздуктун жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

«Система стратегиялык туруктуулукка таасир тийгизе турчу бардык факторлорду камтышы керек. Саясий эрк жана компромисске бара билүү жакшы натыйжасын берерине ишенебиз», — деди Путин.

Анын айтымында, буга Россия менен АКШнын стратегиялык жана чабуул коюучу куралдын (СНВ-3) көлөмүн 2026-жылга чейин кыскартуу тууралуу келишиминин узарышы ачык далил.

Белгилей кетсек, СНВ-3 келишими 2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген. Анын шарты боюнча тараптар өзүнүн өзөктүк арсеналын кыскартып, тийиштүү көлөмдө кармап турушу керек. Башкача айтканда, жети жылдан кийин жана андан аркы убакытта континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы бомбардировщиктердеги баллистикалык ракеталардын саны 700дөн ашпашы керек. Мындан тышкары, снаряддын атылуучу бөлүгү 1500, атылуучу түзүлүштөрдүн саны 800дөн көп болбошу шарт.

Келишим максатына жетип, тараптар арсеналын тийиштүү көлөмдө кармап турат. 2021-жылдын башында, бийликке Джо Байден келери менен, макулдашуу эч өзгөрүүсүз дагы беш жылга узартылды. Буга чейин администрация келишимди узартууну маалкатып, бүтүндөй стратегиялык туруктуулук системасына коркунуч жаратып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости