www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын диалогго келүү тууралуу сунушун четке какты. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Ренхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, эл аралык ЖМКлар Түндүк Корея 27-сентябрь күнү эртең менен кезектеги баллистикалык ракетасын сынаганын жазышкан. Ал Япон деңизин көздөй учурулган. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептээрин айтып, диалогго чакырган.
«Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алды», — деп жазылат кабарда.
Мындан тышкары, Түндүк Корея лидери октябрь айынан тарта Сеул менен байланыш каналдары калыбына келе баштаарын айтты.
Эске салсак, буга чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында сүйлөп жатып, Корей жарым аралындагы абалды жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы согушту расмий түрдө токтотуу өтүнүчүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg