www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжияндагы шайлоочулар менен болгон жолугушууда коргоо министри Кабул Бердиевдин 2017-жылы кызматтан алынышынын себебин ачыктады.
Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазды.
“Мен президент болгон жылы аскер бөлүгүнө барып, десантчылар менен сүйлөштүм. Эреже боюнча, десантчылар парашют менен машыгууну тез-тез өткөрүп турууга милдеттүү. Бирок мен аскерден “акыркы жылы канча жолу парашют менен секирдиңер?” деп сурасам, ал мага мындай деп жооп берди: “жолдош башкы командачы, мен бир дагы жолу секирген эмесмин, анткени парашют жок. Бул уят”, - деген президент.
Ошондой эле президент аскердик бөлүктөн танкты башкарууну билбеген механикти көргөнүн айтты.
“Ошондон кийин мен коргоо министри Кабул Бердиевди кызматтан кетирдим”, - деди Мирзиёев.
Мамлекет башчысынын айтымында, андан кийин Өзбекстан ушул жылы ARMY-2021 мелдешинде 42 өлкөнүн армиясынын арасында 2-орунду ээледи. Ал эми өзбек танкерлери өз багытында 1 -орунду алышты.
Булак: NazarNews.kg