www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк бөрү эл аралык федерациясынын президенти Талантбек Кенжеевдин чечими менен Илгиз Төлөбай уулу вице-президент болуп дайындалды.

Ал жаңы кызмат ордунда эл аралык федерациянын улуттук Көк бөрү федерациясы менен өз ара аракеттенүүсүн көзөмөлдөйт, улуттук спорт түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча биргелешкен иштерди координациялайт, ошондой эле эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга жана уюмдар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшөт.

Төлөбай уулу 1992-жылдын 29-июнунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда төрөлгөн.

2010-жылы Чаткал районунун Башкы-Терек айылындагы орто мектепти аяктап, андан кийин Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда Жалал-Абад облусундагы эл аралык университетте юриспруденция адистиги боюнча окуусун аяктап жатат.

Последние новости