www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 5-августта Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусу тарап, анда ал уулу Ж.С. камакка алынганын жана ага кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирген.

Буга байланыштуу милиция Ж.С. атту жаранга карата айыптоолордун чоо-жайын айтып берди.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2017-жылы жаран А.У. менен башкы директору Ж.С. болгон ЖЧК Байтик баатыр көчөсүндө төрт кабаттуу турак үй куруу боюнча биргелешкен келишим түзүшкөн. Ага ылайык, тараптар долбоорго тең шартта катышып, 50 пайыздан алууга тийиш болчу.

Милициянын билдирүүсү боюнча, А.У. компанияга 270 миң доллар суммасындагы активдерди өткөрүп берген. Бирок курулуш аяктап, батирлер сатылгандан кийин ЖЧКнын башкы директору инвестор менен эсептешкен эмес. Мындан улам ал милицияга кайрылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Расмий документти жасалмалоо) жана 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен катталып, эки иш бир өндүрүшкө бириктирилген.

16-июлда Ж.С. кармалып, 17-августка чейин «СИЗО-1ге» киргизилген.

Милиция мындан сырткары шектүүгө карата иликтенип жаткан дагы беш кылмыш иши бар экенин кошумчалады.

Последние новости