www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга жер сатылбай турганын билдирди.
Өкмөт башчы бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтып, чет өлкөлүк инвесторлорго жер тилкелери менчикке эмес, белгилүү мөөнөткө ижарага гана берилерин белгиледи.
Анын айтымында, ири инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү зарыл. Себеби завод же башка өндүрүш объектилерин курууга кеткен чыгымды кайтарып алуу үчүн убакыт талап кылынат.
«Жерди 49 жылга ижарага алган инвестор чоң завод куруп, кеткен чыгымын чыгарып, пайда көрүшү керек.
Биз үчүн болсо жаңы жумуш орундарын түзүү маанилүү», — деди Адылбек Касымалиев.
Буга чейин Министрлер кабинети мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.
Ага ылайык, улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелери жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн экени каралган.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Президент Садыр Жапаров чет элдик инвесторлорго жер сатылбай турганын, аларга жер белгилүү мөөнөткө гана ижарага берилерин билдирген.
Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар жер тилкесине эмес, анын үстүндөгү мүлккө гана менчик укук ала алышат.
Айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт.