www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда жаш жигит унаасынын багажнигинен Калашников автоматына окшош буюмду чыгарып жаткан видео тараган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 5-августта аталган видео боюнча бардык жеке курамга айдоочунун өздүгүн аныктоо тапшырмасы берилген.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө айдоочу аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Патрулдук милиция кызматкерлери менен болгон маектешүүдө ал багажниктен чыгарган буюм оюнчук автомат экенин билдирген.

Учурда окуя боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости