www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад аэропортунда жарандык коргонуу жаатындагы даярдык абалын баалоо иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия 5–7-август күндөрү «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Жалал-Абад аэропортунда текшерүү иштерин өткөрүүдө.
Иш-чара 2026-жылга бекитилген жарандык коргонуу даярдык планынын негизинде уюштурулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аэропорттун өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы, аракеттенүү системасы, башкаруу органдарынын жана кызматтардын ишмердүүлүгү, күчтөр менен каражаттардын даярдыгы, ошондой эле тиешелүү документтердин жүргүзүлүшү бааланат.
Баалоо иштеринин негизги максаты — өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин азайтуу жана кырсык болгон учурда ыкчам аракеттерди камсыз кылуу болуп саналат.