www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова БШКнын президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылып Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Маалыматты Сооронкулова өзү тастыктаган.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун соттолгондугу жоюла элек болгондугуна байланыштуу ал БШК тарабынан президенттикке талапкер катары катталбашы керек болчу.
--"Шайлоо тууралуу мыйзамдын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, соттун күчүнө кирген чечими менен абакта кармалган жарандар шайлоо жана шайлануу укугунан ажырайт. Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттолгондугу жоюлбаган жаран президенттикке шайлана албайт. Бирок БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү Садыр Жапаровду 2 жолу соттолгондугун, 6-октябрь күнү мыйзамсыз бошотулгандыгын билип туруп президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол беришкен", - деди Сооронкулова.
Булак: NazarNews.kg