www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Маркум депутаттын кызы эмнеге ыйлап жиберди?

Пандемия маалында бийлик тарабынан жасалган иштерди иликтеген жумушчу комиссия бүгүн маалымат жыйын өткөрүп корутундусун жарыялады. Анда маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун баяндама жасаган кызы Айдай Турсунбекова ыйлап жиберди.

Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал баяндамасын аяктап жатып өлкөнүн медицинасы дээрлик талкаланып бүтүп, жетер чегине жеткенин белгиледи.

«COVID-19 пандемиясы биздин саламаттыкты сактоо тармагынын абалын көрсөтүп койду. Мен көргөндөн бир гана саламаттыкты сактоо системасы чириген эмес, башкалары да бар. Ал жерде эч нерсе кылбай, жылдап жетекчилик кызматта отургандар, бир кызматтан экинчисине секирип жүргөндөр айрым олигарх врачтарга мамлекеттик ооруканаларда жеке бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда биздин жаш, кесипкөй кадрлар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда», — деди Турсунбекова.

Мындан улам ал пандемияда жакындарын жоготкон адамдар укук коргоо органдарынан гуманитардык жардамдар, донорлор берген каражат каякка жумшалганын тактап беришин сурана турганын белгиледи.

Себеби баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар бар экенин айтат.

Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссиянын курамына дарыгерлер, ыктыярчылар, журналисттер жана коронавирустун курмандыгы болгондордун жакындары кирген. Изилдөөнүн жыйынтыгы рекомендациялык мүнөзгө ээ жана ал Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости