www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын «аба-ырайын» Арзыбек Бурханов чечсе, дүйнө жүзүнүн климатын ким чечет? Күн өтпөй көпчүлүктү чоочутуп кайталанган сел ташкыны, абанын температурасынын жогорулап баратканы тууралуу климаттын өзгөрүүсүнөн кабар берип тургансыйт. Эгер жер шарында абанын жылышы кескин өсө берсе Түндүк муз океанындагы жана Антарктидагы муз эрий берип, мухиттердеги суунун деңгээли жогорулап отуруп, океан жээктериндеги шаарлар суу алдында калышы ыктымал. Дүйнөдөгү шаарлардын эң залкарлары океан жээктеринде жайгашкан. Башкасын койолу Кытай менен Индияда быкпырдай кайнаган калк каякка барат? Булар океандардын көтөрүлүшүнөн качып, жашоого ылайыктуу жер издешпейби? Анда эле асман менен тирешип жаткан Теңир-Тообуз тепсендиде калбайбы? Илимий изилдөөдө мунун себептери ачыкталганбы?
Быйылкы жай адам баласы климатка көз сала баштагандан берки эң ысык мезгил болуп, өзгөчө Канада жабыркады. Бул тууралуу ВВС жазып, бул мамлекетте жүздөгөн кишилер көз жумганын кошумчалады. Бирок канча адамдын аптаптан өлгөнүн тастыктап, бирок маалымат кеч берилип жаткандыктан так цифраларды көрсөткөн эмес.
Быйыл Түндүк Америка, Европа, Орусиянын айрым аймактары менен Азиянын кээ бир мамлекеттери ысыктын азабын тартууда. Климатты карап туруучу европалык Copernicus программасы быйылкы жайда ысык боюнча бир топ рекорддор жаңыланганын билдирди. Ал эми Оксфорд университетинин Айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча институтунун профессору Фредерика Отто аптаптуу аба ырайы адамдын өмүрүн башка жаратылыш кырсыктарындай эле алып кетип жатканын айтат. Учурда ысыктан улам үйүндө жүрүп билинбей эле өлүп калгандар көп. Антейин десең, көчөдө баратып эсин жоготуп, ошол жерде үзүлүп жаткандар дагы аз эмес. Мындан улам окумуштуулар жакынкы 10 жылдан тарта эле кургак жерлердин көпчүлүгү чөлгө айланып, а тургай планета жашоого жараксыз болуп каларын божомолдоодо.
Дүйнөдө алаамат кырсыктар, жаратылыштагы болуп жаткан өзгөрүүлөр климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, ошондой эле антропогендик таасир дагы бирден-бир себепкер десек болот. Климаттын өзгөрүүсү, анын таасири бүгүнкү күндөрү атмосферадагы температуранын жогорулашына алып келүүдө. Акыркы 60 жылда өзгөчө мөңгүлөрдүн эрүүсү күчөгөнүн жана аянттары кичирейгени боюнча айырмасын көрүүгө болот.
Башкача айтканда, тоодо 3500 метр бийиктиктеги мөңгүлөр дээрлик эрип жок болуп кетти. Ал эми 4000 метр бийиктиктеги мөңгүлөр азырынча анчалык тез эрип жаткан жок, бул тоонун бийиктигине байланыштуу. Негизги суу тартыштыгы боюнча маселеси, дарыялардагы суунун азайышы дагы ушул себептерден десек болот. Бирок кышында кардын жаашы, анын калыңдыгы, жазында жаандын жаашы – мына ушул көрсөткүчтөрдүн дагы өзгөчө орду бар, б.а. дамбалардагы, ГЭСтердеги суунун толушуна түздөн-түз байланыштуу.
Климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөдөгү көпчүлүк окумуштуулардын негиздеп айтуусуна караганда, ар бир 150-200 жыл аралыгында кичи муз доору жана ысык доору кайталанып турат. Азыркы учурда доор ысыкка туш келүүдө, эми кийинки кичи муз доору 2070-2100-жылдары кайра келерин белгилеп келишет. Ал убакытка чейин жылдан-жылга атмосферадагы абанын температурасы жогорулай берет. Бул болсо жер жүзүндө кургакчылык маселесин жаратат.
Ал эми жаан нормадан көп жааганынын себеби, океандагы жана жер бетиндеги суулардын буулануу процесстерине байланыштуу, циклон жана антициклон деген атмосфералык кубулуштардын чоң ролу бар. Алар дүйнөдөгү жердин жана деңиздердин бир жерине бороон-чапкын, сел, цунами алып келсе, экинчи жерине кургакчылык алып келүүдө.
Мисалга алсак, бүгүнкү күндө Кытайда, Европада, АКШда, Орусияда, Кыргызстанда дарыялар ташкындап, сел жүрүп, жергиликтүү элдин жашоосуна чоң алаамат алып келип, көптөгөн чоң көйгөйлөрдү жаратууда, ошондой эле адам өлүмүнө себепкер боолууда. Мындай климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берүү үчүн адам баласы ылайыкташып жашашы керек, мамлекет элге жардам берүүсү өтө зарыл.
Климаттын өзгөрүүсүнөн тышкары, адамдын айлана-чөйрөгө болгон таасири чоң көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, токойлорду кыркуу. Токой жок болсо же азайса, анда жер көчкүлөр көбөйөт. Себеби жердин кыртышын токойдогу бактын тамырлары бекем кармап турат. Бак көлөкөсү менен нымдуулукту сактайт, көмүртекти кычкылтекке айландырат, мындайча айтканда токойлор жердин өпкөсү десек да болот. Суу русурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу абзел, себеби сууну ысырап колдонуу чоң экологиялык кыйроого алып келет, бир учурда чалкып жаткан Арал деңизи көлмөгө айланып баратат. Ошондой эле адамдын иш аракеттеринен көлдөрдү, деңиздерди жана башка суу объектилерин булгоо жүрүп жатат.
Кыргызстанда Ысык-Көл булганууда, себеби көлдүн тегерегиндеги пансионаттарда калдык, таштанды сууларды кайра тазалоочу системалар дээрлик аз санда. Көлдүн булганышы убакыттын өтүүсү менен көлдөгү балыктардын жоголуусуна алып келет. Адам баласы чоң өндүрүштөрдү ачып, иштетип келет. Бирок ал өндүрүштөрдөн чыккан түтүндөр абаны булгап, глобалдык ысыкты күчөтүүгө салым кошууда. Жердин бетин күндөн келген ультрафиолет нурларынан коргоо үчүн озоносфера бар, эгер озон катмары кичирейсе, анда Антарктидадагы,Түндүк муз океанындагы жана башка жердеги муздар тез арада эрип кетүүгө дуушар болот. Бул көйгөйгө себепкер хлорофлурокөмүртек газдары озон катмарын бузуп келүүдө. Үйдөгү муздаткычтар, кондиционерлер, дезодоранттар ушул сыяктуу заттар болуп саналат. Антарктидадагы, Түндүк муз океанындагы, Гренландиядагы муздардын эриши деңиздердин деңгээлин көтөрүп, суу ташкындоолоруна алып келет жана океандагы жылуу агымдардын багытын, температурасын өзгөртөт, ал климаттын өзгөрүшүнө кошумча чоң салым кошот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg