www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Канатбек Чыныбаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясынын (ЭКККЖАЭКФ) Борбор Азия боюнча Өлкөлүк кластердик делегациясынын жетекчиси Севал Гузелкилинч айым менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана ыкчам чара көрүү маселелерин талкуулашты.
Айрыкча ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү, тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы координацияны күчөтүү жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу менен калкты коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине басым жасалды.
Ошондой эле тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга жана ар кандай тобокелдиктерге туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.