www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы: Шектүүлөр тергөө тобун айыпташты

Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандар мекеме аралык тергөө тобун айыптаган билдирүү таратышты. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.

Анда тергөө тобу 24-январда токтом кабыл алып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга берилген убакытты 1-февралга чейин деп чектеп койгону мыйзам бузуу экени айтылат.

Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, жалпысынан 10 киши кол койгон билдирүүнүн сүрөтү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыяланды.

На изображении может находиться: текст

Анда мыйзам боюнча материалдар менен таанышууга июнь айына чейин убакыт бар экени, тергөө бир тараптуу жүрүп жатканы, Кой-Таш окуясы үчүн бийлик күнөөлүү экени жана Ички иштер министрлиги мыйзам бузуп жатканы айтылат.

Ички иштер министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка күч менен алып келүү операциясы маалында башаламандык орун алган. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын тобунун кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болуп, бир нече адам жараат алган. Бул окуядан соң Атамбаев жана анын онго жакын тарапкери камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости