www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анан жанагы «самозванка» деген жөнүндө бир айтып коюш керек окшойт. Муну Атамбаевдин идеологдору чыгарып, анан Атамбаев өзү дагы бир жыйында айтпады беле – сиз үчүн эч ким бюллетень берген эмес деп. Дүйнөдө президент дегендерди жалаң бюллетень менен шайлайт бекен? Кайсы бир мыйзамды элдин талдоосуна коюп, референдумга чыгарып, ошол аркылуу деле добуш берсе болот. Кол көтөрүп деле. Шайлоонун ар түрдүү жолдору бар да.
Бирок өздөрү кол коюп, өздөрү чыгарган референдум болгон, ошого коюлган мыйзамда так жазылып турат – момунчадан момунча мөөнөткө чейин Отунбаева президент болот деп. Өздөрү шайлап алып, өздөрү добуш берип алып, анан кайра аны «самозванка» дейт. Отунбаева эмне, өзүнө өзү декрет чыгарып алыптырбы? Анан ошону эми биздин кээ бир «кыйын» саясатчылар тоту куштай кайталап атпайбы – мындай-андай деп.
Ушунун өзү абдан түркөйлүктү билдирет, саясий түркөйлүк десе да болот, укуктук түркөйлүк десең да болот. Кечээ күнү өзүңөр шайлап алып, өзүңөр кол коюп, добуш берип алып, анан бүгүн келип аны «самозванка» деген, менимче, таптакыр туура эмес.
Отунбаева мыйзамдуу президент болду 2 жыл, мыйзамдуу президент бойдон калат тарыхта. Аны каалайсыңбы-каалабайсыңбы, чындык ошондой. Анан Отунбаеваны аргумент таппай калганда – ал мындай, бул түкүнчө дей берген, менимче, жеткен маданиятсыздык.
Конкреттүү бир ишин сында, конкреттүү бир идеясын сында, ошого каршы бир идеяларды айтып, карама-каршы коюп. Кыйын болсоң, анан айталы – ой, бул азамат экен, мынабунун идеясы мыкты экен, мына мунун ою туура экен деп. Анан жөн эле көчөдөгү баягы – орустар «базарная баба» деп коёт – ошондой бирдемелер менен асыла берген, бул – жеткен маданиятсыздык да. Анан ошондой маданиятсыздыкты көрсөтүп атып, маданият жөнүндө сөз кылыштын өзү уят да.
Нарын Айып, журналист
Булак: NazarNews.kg