www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамендин Кокондо болгону тууралуу мындай икая бар. Шамендин айтылуу “Хан да байлыктуунун алдында ийилет экен”-деген лакап сөзү Коконго барган сый учурунан калган. Кудаяр хандын кабыл алуусунда отурган мезгилде сарайдын ичине бир атчан килемдерди тебелеп-тепсеп бастырып кирет экен. Менменсинип каада күтүп отурган Кудаярхан аны көргөндө ордунан ыргып туруп илбериңки учурашып калды дейт. Кийин бул ким эле деп сураштырса, көрсө хандын аскерин каржылаган, азыркыча айтканда бай бизнесмен сарт экен.
Шамен Коконго жаз алды жөнөйт. Кокон жолу Фергана көк жайыгынын пахталуу өрөөндөрүн аралап өтөт. Жаз мезгилинин ортосу, апрель айынын жадыраган кези болот, азырынча гүл бакча гүлдөй элек. Пахта өскөн чарчы аянттардын тегиздиги ушунчалык, арык менен келген билектей суу өзү эле текши жайылгандай эле. Бул өрөөндүн көктөмдөгү көрүнүшү сүрөттөй сулуу. Жер менен көктү атайы жууп чайып тазартып койгондой көрүнөт. Кара көк таш жолдун кош капталында коңуздай кыбыраган дыйкандар көрүнөт. Арык бою шылдыраган суу тыт жыгачтарын айлана агат. Тар терезелүү үйлөр да талдын көлөкөсүнө жашырылган.
Миң уруулары турган Кокон хандыктарынын борбору Кокон шаары болгон. Кокон ханына кыргыздын жаңы түптөлүп жаткан мамлекетинен элчи болуп Шамен келген. Шамен намаз окуганы мечитине да барат. Кокон хандарынын мечиттеринин биринин сырты чыгыш үлгүсүндө өңдөлгөн ак мармар менен капталган. Мечиттин жасалышы классикалык чыгыш өнөрүнүн эң соңку созолонткон обону сыяктуу. Мечиттин ичине эң сонун минарет коюлган. Мындагы көрүнүштөр эң ажайып эле. Мечиттин курулушунда куруучулардын эрк-күчү негизги идеянын кишенинде калган. Ошондон улам мечит куруучулар жан азабын тартышып, чыгармачылык эргиген эмгектеринин ордуна башкаруучу кожоюндарынын каалоосу боюнча кол эмгеги менен талап кыла турган жумуштар менен да алпурушкан.
Чөл көктөмүнүн төгүп өтүүчү нөшөрлөнгөн жамгыры мечиттин чополуу дубалдарын катуу чаят. Кээ бирөөнүн сөзүнө караганда, мындай нөшөрлөнгөнжамгыр кезинде дубалдарга кошо каланган адамдын баш сөөгү ачылып калат дешет. Өз өктөмдүгүн жүргүзүүчүлөр дубал бекем болот деген ишеним менен кулдардын, туткундардын денесин баткак менен кошо калай турган. Кокон Борбор Азиянын чак ортосундагы эрме чөлгө жашырынган, зулумдукка бөккөн хандык болгон. Ушундай уч кыйырсыз кум дөбөлөрүнөн мезгилдин өзү тосулгандай эле. Бул жерде суу алтынга барабар болуп, алкынган Сыр-Дарыядан башталып, ондогон чакырымга созулган арык аркылуу ылайланып жылжып гана агат. Кокон ханынын сарайы сепил ичиндеги сепил сыяктуу. Көзөнөксүз көтөрүлгөн кум түстөш дубалдары тиш-тиш болуп турат. Кокон ханы караңгы калктын каардуу бийлөөчүсү болгон. Баш көтөргөндөрдүн базар аянтында кекиртегин жулган, ал эми, күнөөлүү кулдардын кулагын дарбазага кагып, өткөн-кеткен анын бетине түкүргөн.
Кокон таң заарындагы азан айтуу менен кошо ойгонот. Алыстан азан айтуучулардын моокум кандырган үнү эшитилет. Мунаралардын чокусунда кумурскадай көрүнгөн азан айтуучулар таң заарында бирде көрүнүшүп, бирде көрүнүшпөйт. Алды менен мунаралардын чокусу гана көрүнөт. Андан кийин аздап – аздап аянтка тыгылыша салынган калаа бак-дарактардан бой ашыра алдыңан чыгат. Бейпилдиктин кучагындагы чакан калаа адегенде мечиттер менен көзгө түшүп, эскиликтин калдыгы жыттанып, сансыз кылымдык тарыхы сыбызгып турат.
Капыстан желп этип согуп өткөн жел кичинекей көзөнөктөгү тартылган жибекти көтөрүп Шамен жаткан жеринин короосу эски калаанын дубалдары менен улашып жатканын байкады. Эмнегедир калаанын ортосунда турууну олжо көргөндөй, эски коргондун пайдубалы чөгүп, чочойгон жондору урай баштаган. Учурунда бул коргондор өзүнүн тутумундагы үйлөрдү чөлдүн кумунан, жоокер душмандарынан коргосо. Азыр заңкайган мечиттердин арасында чөгө түшкөндөй. Бирок коргондордун заңкайып, калкайып турганынын өзү эле көрөр көздү тарых менен тилдештирип тургандай. Кокон хандарынын катаалдыгы, өзү менен чектелген караңгылык мунарып тургансыйт. Коконду кооз көрсөткөн коргондор, мунаралар, мечиттер, медреселер, сарайлар бой керишет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ