www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ияд бин Гази бин Сулейман Хакимди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

Алгач Төрага Марлен Маматалиев Ияд бин Гази бин Сулейман Хакимди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: «Тажрыйбалуу элчи катары мамлекеттер аралык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөсүз деген ишеничтемин. Сауд Арабия Падышалыгы биз үчүн Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири. Андыктан, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», – деди. 

Ошону менен катар өткөн жумада эле Сауд Арабиясынын Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы доктор Абдуллах аш-Шейх мырзанын атынан расмий сапар менен келип кетүү боюнча чакыруу катын алганын айткан Төрага парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо да башкы максаты экенин кошумчалады. 

«Биз парламенттерибиз ортосундагы тыгыз алаканы улантуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Муну менен катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Бул аракеттер эки мамлекеттин мамилесин чыңдоого чоң түрткү берет», – деди Марлен Маматалиев. 

Өз кезегинде элчи Ияд бин Гази бин Сулейман Хаким Сауд Арабия Падышалыгы да Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылды.

Ошону менен катар өз өлкөсүнүн өнүгүү стратегиясы боюнча да маалымат берип, соңку 6-7 жыл аралыгында олуттуу реформалар жасалып жатканына токтолду.

Андан тышкары, Сауд Арабиясынын Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы доктор Абдуллах аш-Шейхтин жолдогон саламын айтып, дагы бир жолу Төрага Марлен Маматалиевди расмий сапар менен келип кетүүгө чакыра кетти.

Тараптар экономикалык жана гуманитардык багыттагы байланыштар тууралуу да сөз кылышып, дүйнөдөгү соңку кырдаалдар боюнча пикир алмашты.

Последние новости