www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Сапат менеджментинин ички системасы” темасында онлайн режиминде окутуучу семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоодо коюлуучу минималдуу талаптар боюнча колледжер жана кесиптик лицейлер өзүн-өзү баалоо жүргүзүүдө сапат менеджменти системасынын элементтерин колдонуу принциптери каралды.

Семинардын максаты: баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына сапатты камсыздоонун ички системасын ишке киргизүү. Семинардын алкагында кесиптик лицейлердин жана колледждердин өкүлдөрү билим берүүнүн сапатын камсыздоо жаатындагы саясатты талкуулашты, ал кызыкдар тараптардын көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты менен канааттануусунун даражасын жогорулатууга багытталууга тийиш. Аталган саясат өзүнө эмгек рыногунун актуалдуу сурамдарын эске алуу менен билим берүү кызматтарынын спектрин кеңейтүүнү; билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатынын кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоо үчүн колледждердин жана лицейлердин билим берүү ишмердигин жакшыртууну камтыйт.

Семинардын тренерлери билим берүүнүн сапат менеджменти системасынын куралдары тууралуу кеңири айтып беришти, ал процесстердин картасын жана сапат менеджментинин документтештирилген системасын иштеп чыгууну, ошондой эле аларды өзүн-өзү баалоодо колдонууну камтыйт.

Өзгөчө көңүл лидерликке жана сапат менеджментинин ички системасын ишке киргизүүдөгү жана ишке ашыруудагы ролуна, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуудагы, кызматкерлерге дем берүүдөгү ролуна бурулду.

Ошондой эле, сапатты камсыздоо системасын билим берүү уюмдарынын процесстерине киргизүү үчүн жооптуу адамдардын функциялары тууралуу маселелер кеңири каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости