www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча 400дөй адамга соттун өкүмү чыкты. Анын ичинде ондогон мурдагы армия командирлери, учкучтар өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул адамдар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга, президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталганын соттук жараянга катышкан маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин азыркыга чейин айтып келет.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 90 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди: "Гүлендин жактоочулары",- деп камакка алган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган. Учурда алар боюнча сот жараяндары уланууда.

Ошол эле учурда, Президент Режеп Тайып Эрдогандын оппоненттери ал мамлекеттик төңкөрүш аракети деген шылтоо менен каршылаштарынан кутулуп жатат деп сындап келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости