www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жарандар коммуналдык кызматка деп төлөгөн акчаны жасалма документ аркылуу өзүнө ыйгарып алган кыргызстандык жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, шектүү бир нече жылдан бери документтерди жасалмалоо жолу менен элден түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турган.

"2011-жылдан 2015-жылга чейин коммуналдык кызматта оператор-компьютерщик болуп эмгектенген Г.А. аттуу киши элден акча чогулткан контролёрлордун ишенимине кирип алып топтолгон акчаны алып турган. Ал материалдык пайда көрүү үчүн каражаттын жарымын мамлекетке төлөп, жарымын өзүнө алып, квитанцияга башка сумманы жазып коюп жүргөн. Үч жыл аралыгында ири материалдык чыгым тарттырган", — деп айтылат маалыматта.

Ага карата   мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Кармалган шектүү Баткенде туулган 1980-жылкы Г.А. Москвадан табылган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости