www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Айданбек Акматов өзүнүн Фейсбук баракчасынан дарегине түшкөн Мадумаровду эмне үчүн колдойсуз? деген суроолорго жооп берди.
Журналисттин жообу төмөндө толугу менен:
“Сиз эмне үчүн Мадумаровду колдойсуз?” деген суроону көп угам. Мына ошого жооп берип коюуну эп көрдүм.
Биринчиден, Адахан Мадумаров коррупциядан алыс, мамлекеттин, элдин байлыгына кол салбаган таза саясатчы. Мындайлар биздин заманда өтө сейрек болуп калды. Бул жагынан ал өзүнүн устаты Абсамат Масалиевдин жолунан кылча тайбады.
Экинчиден, (бул өзгөчө маанилүү) биздин саясий көз караштар жана максаттар көп жерден дал келет.
Биз сот бийлигин президент жана анын аппаратынын көзөмөлүнөн чыгарып, чыныгы көз карандылыкка жеткирүүнү көздөйбүз. Бул үчүн Конституциянын 95 беренесин өзгөртүү керек деп эсептейбиз. Ал беренеде “Соттордун кынтыксыз жүрүш-турушу”, “Дисциплинардык комиссия”, “Соттор кеңеши” жөнүндөгү жоболор бар. Мына ошол жоболор аркылуу президент жана анын аппараты сотторду каалагандай башкарып, каалагандай чечимдерди чыгартып олтурат. Бул саясий коррупцияга, сот адилеттүүлүгүнүн бузулушуна алып келген жагдай. Бул өзгөртүлмөйүн сот реформасы деген болбойт.
Биз аткаруу бийлигинин башында президент туруп, өкмөт башчы кызматы жоюлуш керек деп эсептейбиз.
Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардан калк өзү шайлап алыш керек деп эсептейбиз. Талапкерлерди көрсөтүүгө жеке инсан да, партия да укуктуу болууга тийиш.
Элге таянган күчтүү Жогору Кеңеш жана президенттен көз карандысыз сот президент башында турган күчтүү аткаруу бийлигин теңдей алат. Буга АКШнын бийлик системасы күбө.
Мына ушул үч реформанын максаты өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө багытталат! Анткени экономиканы өстүрүү менен гана жумушсуздук, чек ара, коопсуздук, жол, мектеп, саламаттык сактоо, пенсия, айлык жана башка толгон-токой социалдык-маданий жана башка маселелерди чече алабыз. Элдин жыргалчылыгын көтөрө алабыз!”, дейт журналист Айданбек Акматов.
Булак: NazanNews.kg