www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтому менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинини Атайын багыттагы полку түзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети: кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Атайын багыттагы полкто ар кандай кырдаалдарда аракеттене билген күтүлбөгөн тапшырмаларды ыкчам, жогорку деңгээлде даярдыгы бар кызматкерлер кызмат өтөшөт. Полктун өздүк курамы алгач уюшулган күндөн тарта Өлкөнүн кайсыл аймагында кандай кырдаал орун албасын, кызматкерлер коомдук коопсуздуктун сакталышын камсыздоодо калк менен жигердүү иш жүргүзүп өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарууда. Полктун кызматкерлери өздөрүнүн алдына коюлган кызматтык милдеттерин аткаруу менен гана чектелбестен өлкөбүздүн коомдук маданий жана спорттук жашоосунда да активтүү катышып кыргыз элинин желегин башка өлкөлөрдө да бийик көтөргөн бир катар спортчуларыбыз бар.
Өздүк курамды салтанаттуу майрамы менен куттуктап полктун командири өз сөзүндө төмөкүлөргө токтоло кетти:
Мекен коопсуз болушу үчүн ага тирүү чеп керек болсо, аны аздектеп сактоо үчүн тирүү чептин жүрөгү эрктүү болуусу зарыл. Андыктан Өлкөнүн бейпилдигин, мыйзамдуулугун жарандардын коопсуздугун, кылмыштуулука каршы күрөшүү жана аларга тынч, бейпил жашоону камсыздоо алдыңарга коюлган тамшырмаларды так, туура жана татыктуу аткарып жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем жана өздүк курамды бүгүнкү салтанаттуу майрамыңар менен чын дилимден куттуктаймын! Урматтуу кесиптештер биздин кызмат жогорку кесипкөйлүүлүктү, ыкчамдыкты жана жеке жоопкерчиликти талап кылат ошол себептен ар бирибиз алдыбызга коюлган тапшырмаларды так туура жана жогорку деңгээлде аткарууга милдеттүүбүз. Ошондой эле Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтбуздун алдында берген антына бек туруп өз өмүрүлөрүн аябай тобокелге салып кызмат учурунда курман болгон кесиптештерибиздин жасаган эрдиктерине таазим этип эскерип кетели Алар:
- милициянын улук лейтенанты Туйтунов Муратбек Базарбекович,
- милициянын кенже сержанты Накидкин Дмитрий Викторович,
-милициянын улук сержанты Тугельбаев Мирдин Жекшенбекович,
-милициянын кенже сержанты Сайдинов Нурланбек Жанышович,
- милициянын старшинасы Сарыбаев Улан Молдобекович,
- милициянын старшинасы Жумакадыров Омурбек Султанович, - милициянын кенже сержанты Жаанов Уланбек Садыкович,
-милициянын прапорщиги Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевич,
- милициянын старшинасы Джоробеков Максат Эсенжанович,
- милициянын капитаны Исмаилов Толобек Эсенбекович.
- милициянын майору Майрамбеков Рысбек Бакасович.
Аталган иш-чарга полктун биринчи командири Мурзаев Джамалдин Сапарович, 9-кызматтын атайын багыттагы башкармалыктын башчысы, полковник Бердалиев Шайырбек Эргешович, Бишкек ИИББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Атантаев Эрлан Мукашевич, Чүй облусунун ИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Рахманов Кайрат Гуламуддинович, Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысынын орун басары полковник Нуралиев Марат Сүйүнбекович, полктун ардагерлери жана кызмат учурунда каза болгон кызмткерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чарада куттуктап келген коноктор сөз сүйлөшүп, Ички иштер министринин, Бишкек шаардык ИИББнын, Чүй ИИББнын жана Ички коопсуздук аскер кызматарынын майрамдык буйруктары окулуп, кызматтык милдеттерин мыкты аткарган кызматкер түзүмдүк медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Булак: NazarNews.kg