www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешмеде мамлекеттик катчы институтун киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Абылабек Асанканов билдирди.

Анын айтымында, бул сунуш бүгүн, 10-декабрда Конституциялык кеңешмеде айтылды.

"Бүгүн мамлекеттик секретарь институту боюнча сөз болду. Мурун бул институт бар болчу. Президенттик аппараттын жетекчилиги көбүн эсе уюштуруучулуктан колу бошобойт, ал эми мамлекеттик секретарь жалаң коомдук уюмдар менен улуттук, мамлекеттик идеология менен иштеп, маданиятты көтөрүү менен иш жүргүзөт. Маселен, "Манастын" 1 миң жылдыгы, Оштун 3 миң жылдыгы өткөрүлдү. Булардын баарын мамлекеттик катчы көзөмөлдөгөн. Ал президентке баш ийет. Ага кошумча аппараттын кереги жок", - дейт ал.

Асанканов күн сайын бийликтин үч бутагынын ыйгарым укуктары каралып жатканын айтат.

"Бийликтин үч бутагы: президент, парламент жана сот бутагын карап отуруп, биз президенттин жоопкерчилигин күчөттүк. Буга чейин президент премьер-министрлерди кол каптай алмаштырып жатпадыбы, эми өзү жооп берсин деп жатабыз. Ошондой эле парламент. Акыркы чакырылыштын депутаттарына көп сын-пикирлер, нааразычылыктар айтылбадыбы. Мажоритардык жана партиялык система менен 90 депутат парламентке келсин, алардын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү кароодобуз. Алар мыйзам чыгарсын, көзөмөлдөсүн, бюджетти, башка органдардын кызматкерлерин бекитсин, керек болсо президентке импичмент жарыялоо механизмин да көрсөткөнгө аракет кылдык. Ошондой эле сот системасынын көз карандысыздыгы. Алар өздөрү жергиликтүү сотторду көргөзөт, президент бекитет", - деди Асанканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости