www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Сүйүмбаевди тергөөгө чакырса качып кетиптир

Буга чейин УКМКнын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев камакка алынган. Ал болсо кесиптеши Болот Сүйүмбаевге көрсөтмө бергени маалымдалды.

Маселенин маңызы – Кыргызстанга контрабандалык жол менен кирген ири өлчөмдөгү алтындар жөнүндө болуп жатканы каңкууланды.

Болот Сүйүмбаев УКМКнын орун басары болуп турганда мыйзамсыз иштерге барганы, контрабанданы көзөмөлдөгөнү, натыйжада, бүгүн былыгы чыгып, суракка чакырса качып кеткенин эшиттик.

Мындан сырткары, коррупциялык иштерге да аралашканы айтылууда. Тергөө купуясына жараша көп нерсе ачыкка чыкпай турат. Эми Болот Сүйүмбаевди кармай алышабы, же бийлик эски адатынча эле көз жумду мамиле кылып коёбу?..

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости