www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жаңы Баш мыйзамдын долбооруна өлүм жазасы жөнүндө норма киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу экс-депутаттар Нооманжан Аркабаев менен Казыбек Шайымбетов "Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери" бөлүмүнүн отурумунда билдиришти.

"Жеке укуктар жана эркиндиктер" деген 26-беренин 2-бөлүмүн талкуулоо учурунда конституциялык конференциянын мүчөлөрүнүн ортосунда талаш чыкты.  

Аталган мыйзамдын биринчи бөлүгүндө: “Кыргыз Республикасында ар бир адам жашоого укуктуу. Эч кимди өзүм билемдик менен өмүрдөн ажыратууга болбойт. Өлүм жазасына тыюу салынган."- деп айтылат.  

Нооманжан Аркабаев: “Америка Кошмо Штаттары дүйнө жүзүнө өлүм жазасына тыюу салууга чакырып жаткандыгына карабастан, бул өлкөнүн 34 штаты өлүм жазасын колдонушат. Мен өлүм жазасын киргизүүнү жактайм. Себеби, бул коррупциянын жана уюшкан кылмыштуу топтордун, педофилдердин жана канкорлордун ишин минималдаштырат” - деди жана протоколго сунуш киргизүүнү суранды. Аны кесиптеши Казыбек Шайымбетов колдоду. «Мен да мындай мыйзамды жактайм. Бул мыйзамдын максаты, мыйзамды колдонуу менен адамды өлтүрүү эмес, тескерисинче, биринчи учурда ал адам өлтүрө турган болсо, аны да ошондай тагдыр күтүп жатканын билүүсү», - деди ал.

Бирок, кеңешменин төрагасынын орун басары Темирбек Нурматов Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда, 26-беренеде, учурдагы Баш мыйзамдын нормасы сакталып калуусу керектигин баса белгиледи.

«Мен бул берененин мурдакы бойдон калуусунун жактоочусумун. Кыргызстан 1994-жылы ратификацияланган эл аралык пакттардын катышуучусу. Буга ылайык, биз бул милдеттенмелерди аткарышыбыз керек », - деп түшүндүрдү ал.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости