www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский коронавирустан айыкты

Украинанын президенти Владимир Зеленский коронавирустун айыгып кеткенин жарыялады. Ал COVID-19 үчүн терс тест тапшырганын “РИА Новости” билдирди.

9-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен анын кеңсенин башчысы Андрий Ермак коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Кийин алар ооруканага жаткырылып, Феофания ооруканасында жолугушуу үчүн атайын бөлмө орнотулган.

Дүйшөмбү күнү, Зеленский COVID-19га  тест тапшырып, эми кадимкидей жумушуна кайтып келгенин жарыялады.

“Маанай күчтүү, температура 36,6. Мен позитивдүү маанайдамын, анткени тесттин жыйынтыгы терс. Мен Банковадамын (Украинанын президентинин кеңсеси жайгашкан көчө ), биз иштеп жатабыз”, – деп жазган Украинанын президенти өзүнүн Телеграм каналында.

Эскерте кетсек, жакында эле Владимир Зеленский өзүнүн Инстаграммында өлкөнүн жаңылыктары жөнүндө сүйлөшөөрүн, анткени ММКлар өтө эле терс көрүнүштөрдү көрсөтүп жатышарын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости