www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык реформа эмне үчүн керек?

Бирок алардын Кыргызстанды чайпалтып, кутум максаттарын ишке ашырууга мүмкүн эместигин ачык эле айтып кетели.

Биринчиден, ага жетишерлик саясый, социалдык негиз жок. Экинчиден, аймактагы геосаясый абал да мурдагыдан таптакыр башкача. Бирок, локалдык мүнөздөрдөгү, жогоруда айтылгандай максаттарга байланышкан ар кандай саясый ызы-чуулар боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, ал көп жагынан аракеттеги Баш мыйзамдагы карама каршылыктарга да байланышкан. Аракеттеги Баш мыйзамга ылайык, ички, тышкы маселелердин көбүнө өкмөт жооп берген менен анын бир депутаттыкынча да иммунитети, эл арасында бир чоңураак саясатчыныкынча да аброю, таасири жок. Парламенттеги башкаруучу коалициядан бир партия чыгып кетсе эле, өкмөт толук курамы менен автоматтык түрдө отставкага айдалат. Ал эми Президент - шайлоочулардын көпчүлүгү тарабынан 6 жылга шайланган туруктуу, ишенимдүү фигура. Ошон үчүн ичтегилер да, сырттагылар да Кыргызстандагы башкы кызматтык фигура катарында президентти эсептешип, өздөрүнүн күткөндөрүн, мамилелерин ошо менен гана байланыштыргылары келишет. Мындай де-факто түрүндөгү реалдуулукту де-юре түрүндө бекемдөөнүн муктаждыгы алда качан эле бышып жетилген. Бирок, Ө.Текебаев жетектеген Баш мыйзам жазгычтар көз карандысыздыктан бери Конституцияга башкаруудагы ички карама-каршылыктарды күчөтө турган өзгөрүүлөрдү киргизип, бир максималисттик чектен, экинчи максималисттик чекке оодуруп отурушуп, акырында эки төңкөрүшкө, анан азыркыдай абалга алып келишти.

Бул биздин көп жылдык байкоолорго негизделген өзүбүздүн оюбуз, көз карашыбыз, бирөөлөргө таңуулабайбыз, трайбализм, охлократия, кландуулук, саясый нигилизм артыкчылыкка ээ болуп, саясый маданият жана нравалуулук эң төмөнкү деңгээлге түшкөн Кыргызстандын шартында парламенттик башкаруу эч качан натыйжалуу иштебейт. Парламенттин АКШ, Улуу Британия, Түштүк Корея, ФРГдагыдай иштеши үчүн биринчи кезекте ошолордукундай адамдык капитал болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости