www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш тарабынан контрабандалык жүк ташыган транспорт каражаттарын конфискациялоо мыйзамын кабыл алды.

Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн парламентте экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Бул демилгени министрлер кабинети сунуштап, баяндамачы катары юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу менен Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков келди.

Мыйзамдын максаты — контрабанда менен күрөшүү жана жазалоо чараларын оорлоштуруу. Анын алкагында контрабандалык жүктү ташып бараткан транспортту мамлекеттин эсебине конфискациялоо сунушталган.

Учурда эгерде айыптарды жана туумдарды кошуп, колго түшүрүлгөн контрабандалык товарлардын бажы төлөмдөрүн өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, жүк ээси кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин Кылмыш-жаза кодексинен мындай норма алып салынып, жазага тартылары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости