www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Алай районунда 17 жаштагы кыз дайынсыз жоголгону кабарланган. Ош облусунун Алай районунун ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган Авазбек кызы Заринаны жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн. Милицияга ата-энеси жашы жете элек кызы 2022-жылдын 29-апрелинде күндүз үйүнөн чыгып кеткенден бойдон эч кандай кабар жок экенин билдиришип, издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт Алай районунун ИИБде катталып, издөө иши ачылган. Жашы жете элек өспүрүмдүн дайынсыз жоголгону жөнүндө билдирүүнү башка бардык аймактык ички иштер бөлүмдөрү алышкан.
Издөө иш-чараларын ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМинин КИББнын ыкчам кызматкерлери дагы жүргүзүшкөн. Жашы жете элек өспүрүм Бишкек шаарынын аймагында болушу мүмкүн деген божомол иштелип чыккан.
17-Май, 2022-жылы Бишкек шаарынын аймагында ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин КИББнын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Авазбек кызы Заринанын жүргөн жерин аныкташкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү максатында аны Кыргыз Республикасынын ИИМинин КККнын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жайгаштырышкан. Жашы жете элек өспүрүм учурда ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg