www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, 2021-жылкы статистика боюнча жашы жете электерге карата жасалган 3 034 кылмыш иши тергелген. Анын ичинен 293ү зордуктоо боюнча иштер болгон.

Сунушталган мыйзамда, педофилдерди кылмышка тартуу мөөнөтү эскерип кетти деген норма колдонулбайт. 20-30 жылдан кийинби же качан болбосун кармалса, жазасын сөзсүз түрдө тарта тургандай болот.

"Мурда алынып калган экен, азыр өмүр бою жазага тартуу нормасын дагы киргизип жатабыз. Анан тилекке каршы, зордукчуларга мунапыс берилип же башка себеп менен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп калат экен. Биз буларды дагы жокко чыгарып жатабыз. Учурда психикалык жактан жабыркайт деп же башка ооруга маалым кат алып ооруканага жатып алса бир күнү эки-үч күнгө теңелип эсептелет. Биз дарыланып чыккандан кийин кайра түрмөгө барып жазасын толук өтөсүн деп сунуштадык", — деди Маматалиев.

Ошондой эле ал жаңы кодекс кабыл алынганда гуманизация деп жаза мөөнөттөрү кыскартылып калганын, аны да көбөйтүү каралганын айтты.

Мыйзам долбоордо жазаларды катаалдантуу боюнча төмөнкүдөй сунуштар берилди:

16 жашка чейинки балдарды зордуктоо, ушул эле жосун адамдардын тобу менен жасалса, ал кош бойлуулукка алып келсе, оор залал келтирсе 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою эркинен ажыратылат;

14 жашка толо элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою абакта отурат. Буга жабырлануучуну коркутуу же алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттер кирет. Ушундай эле жосундарды адамдар тобу менен жасаса, ден соолугуна зыян келтирсе;

14 жашка толо эле балдарды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 10 жылдан 15 жылга чейинки (учурда 8-11 жыл) мөөнөткө кесилет. Тагыраак айтканда, шантаж кылуу же жабырлануучунун материалдык жана башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга мажбурлоо;

16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандар 8 жылдан 12 жылга чейин (учурда 7-10 жыл) камалат;

16 жашка толо элек балага сексуалдык катнашсыз, ыплас аракеттер жасалса 7 жылдан 11 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) кесилет;

Коркутуу же алдоо жолу менен сойкулукка тартып же мажбурлагандар 7 жылдан 12 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) камалат;

Жашы жете элек балдарды порнобизнеске тартууга 100 миңден 200 миң сомго чейин (учурда 50-100 миң сом) айып пул салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости