www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумадагы октябрдын чыкыроондугу мектеп окуучуларынын жүлүнүнө тийди. Ааламда коронавирус козголуп турганда эч даярдыгы жок мектептерде окуучулар министр Купешовдун күпүлдөгөн көрсөтмөсүнөн улам окуй баштаган. Жок дегенде саламаттык сактоо министринин уу коргошунун кире беришке илип койбойбу?

Дал октябрдагы ызгаар байкуш окуучуларга жаман болду. Концлагерде отургансып, балдар таштай муздак класстарда окуп жатты. Көпчүлүк мектептерде бөлмөлөр жылытылган жок. Балким, көмүрдөн пайда табыш үчүн жакпай жаткандыр. Ал эми мектеп жетекчилери болсо кат-каттап жылыткыч коюп, жылуу бөлмөлөрдө чатыраңдап жүрүштү.

Мугалимдер да 45 мүнөттөн муздак класстарда өткөрүштү дечи, ал эми жарым күн муздак класста окуган окуучулар эмне болду? Жыйынтыгы биринчи күнү чыкты көпчүлүк муздак класста окуган окуучулар сасык тумоого чалдыгып мектептерге бара албай калды. Сасык тумоо, грипптен ковид илдетин жуктуруп алса эмне болот?

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавируска каршы вакцина чыгарып байып, миллиардер болгондор чыкты. Вирус өзү чыктыбы же аны ким чыгарды? АКШ корнавирус Ухандагы лабораториядан чыккан деп Кытайды күнөөлөйт, Кытай АКШдан чыккан дейт. Ортодо коронавирустун айынан пайда болгон ковид илдетинен дарыланыш үчүн вакциналар чыкты.

Вакцина жасап чыгарып, сатып жаткандар көз ачып жумгуча миллиардерлердин катарын толуктап, ченемсиз байлыктарга ээ болуп жатат. Жаңы тогуз миллиардердин мүлкүнүн жалпы суммасы 21,3 миллиард долларга жетип, Кыргызстандын жылдык бюджетинен канча ирет ашып кетти?  Коронавируска каршы вакцина чыгарган компаниянын кирешеси менен дүйнөдө дагы тогуз киши миллиардер болду.

Бул тууралуу курамына укук коргоочу, гуманитардык жана медициналык уюмдар кирген The People's Vaccine Alliance кыймылынын докладында айтылган. Жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү кирген. Алар: баш директор Стефан Бансел, негиздөөчүнүн бири Ноубар Афеян жана инвесторлор Тимоти Спрингер менен Роберт Лангер. Байлыгы бир миллиард доллардан ашкан адамдардын сабына киргендер:

BioNTech уюмунун башчысы Угур Шахин;

Rovi фармацевтикалык ишкананын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (Испания);

CanSino Biologics компаниясынын үч түзүүчүсү (Кытай).

АКШнын Медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы (Управление по санитарному надзору за качеством медикаментов) жана АКШдагы Ооруларды көзөмөлдөө боюнча улуттук борбор  (Национальный центр по контролю заболеваний США) вакцина алууну тезинен токтотуу боюнча талаптарды койду. Айрыкча Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасын, анткени вакцина сайдыргандардын арасында коркунучтуу көрүнүштөр байкала баштады.

Бул симптомдор вакцина сайдырган соң чыга баштаган. Булардын арасында көзү өткөндөр да кезиге баштады. Ушундан улам Кошмо Штаттардагы вакцина кыла турган өкмөттүк борборлордо, бул иштер эксперттер тарабынан толук иликтенип бүткүчө вакцина алуу токтотулду.  Жакында эле Johnson & Johnson компаниясы 13-15 миллион доза вакцинаны Балтимордогу заводунда туура эмес жасагандыктан жок кылган. Эми бул инцидент компания үчүн өтө оор жоготууга турат, ал эмес Джо Байдендин администрациясынын вакцинациялоо боюнча пландарына кесепетин тийгизет.  

Американы алып карай турган болсок, CDC деген илимий көзөмөлдөө уюму бар. Алардын маалыматы боюнча, 180 миллион эл эмдөөдөн өткөндөн кийин вакцина алгандардын ичинен 15 миң адамдан вирус табылган. Бул сан коомчулукка көп көрүнүшү мүмкүн. Бирок 15 миңдин артына эки нөл коюп, аны 180 миллионго бөлүп көргүлө, өтө төмөн көрсөткүчтү берет. Бирок бул жыйынтыкты алар коомчулукка жарыялаган жок. Анткени вакцинация алуу оору жугузуудан дайым эле сактай бербейт. Ал вирус жукса, оорунун жеңил өтүүсүнө жардам берет.

Коронавирус тууралуу бир топ жыл мурун газетага публикация чыккан. Ал убакта бул вирустун келээрин эч ким күткөн эмес. Ар башка вирустарды иштеп чыккан лабораториялар өнүккөн мамлекеттерде жайгашкан жана алар вирустарды кээде начар жашаган өлкөлөрдө сынайт, анан аларга көмөк иретинде «жардам» беришет. Ошол себептен айрым өлкөлөрдө вакцинаны кээде мажбурлап саят. Бирок бул ар кимдин өз эрки да, азыр эл деле шектенип-кооптонуп калды, себеби кээ бир маалымат каражаттарынан бул тууралуу айтып жатышпайбы.

Вирусту бир топ убак жаныбарларда лабораториялык жол менен сакташкан. Вирус мурда жаныбарлардын организминде жүргөн болсо, кийин адамдын организмине киргенде мутацияга тушуккан. Элибиз мутация болуу — бул вирустун күчөшү деп түшүнүп албаш керек. Тескерисинче, вирустун өзгөрүшүнүн 95 пайызы өзүнө каршы иштейт. Беш пайызы гана ошол жерге ыңгайлашып жашап кетет. Негизинен, вирустун башкы курамы али өзгөрүлө элек. Көбүнчө S белок жана N белок өңдүү сырткы кабыкчасында гана өзгөрүүлөр болуп жатат.

Дагы айта турчу нерсе, коронавирус 1-2 жылдын ичинде ушунчалык деңгээлге чейин өзгөрбөйт. Өзүнүн касиетин толук кубултуп, башка вирус болуп кетпейт. Башкача айтканда, 5-6 ай мурдагы коронавируска антителоңуз иштелип чыкса, оору кайра жукса деле сактайт. Ошондой эле вакцина да коронавирустун баштапкы штаммдарынан алынгандыктан вирустун бардык түрүнөн коргой алат.

Каршы сүйлөгөндөр калктын 25 пайызына деле жетпейт. Жалпы эл ишенип эле эмделүүгө макул. Вакцинанын кайсы түрүн алсаңыз да, ал өлүмгө дуушар болуучу ооруну азайтат. Эмделгендердин ичинен бир пайыздан үч пайызга чейинкилери гана ооруп калышы мүмкүн, бирок оору жеңил өтөт. Муну элдин баары билет. Вакцина эч убакта өзү оору га алып келбейт. Анын жасалуу жолдору да ар кандай. Өлтүрүлгөн, чала жан вирустардан жана вирустун кайсы бир бөлүгүнөн жасалат.

Ошондуктан эмдөөдөн улам ооруп калдык деген чындыкка коошпойт. Вакцина алгандан кийин үч-төрт күн ал адамдын абалын көзөмөлдөп турабыз. Буга чейин Кыргызстанда эч кандай күтүүсүз учур катталган жок. Бирок муну эске алыш керек. Кыргызстанда бүгүнкү күндө органын алмаштырган 564 адам жашайт, анын ичинен 164 – боорун, 400 – бөйрөгүн алмаштыргандар. Алмаштырылган органдар организмде чоочун болуп, трансплантацияланган адамдар өмүр бою иммуносупрессанттарды ичиш керек.

Ошентип, дайыма иммуносупрессивдүү терапияга байланыштуу адамдын иммунитети бир топ төмөндөйт. Ал бардык инфекцияларга, анын ичинде COVID-19га дагы алсызыраак болуп калат. Ошондуктан, органын алмаштырган адамдарды COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмдеш керек.

 Гепатит менен ооругандар үчүн COVID-19га каршы эмдөөдө төмөндөгүдөй каршы көрсөтмөлөр бар:

- Гепатит оорусунун курч мезгилинде;

- Өнөкөт оорусунун өрчүп турган мезгили;

- Цирроз түрү;

- Фульминанттык формасы;

- Биохимиялык көрсөткүч жогору болгондо;

- Боорду трансплантациялоодон кийин;

- Боор рак оорусуна чалдыккан учурда.

Дүйнө жүзүндө да окумуштуулар бул жагын дыкат иликтеп жатат. Бүт дүйнө вакцинанын таасиринен ооруга чалдыккан адам жок экенин тастыктап жатат. Кыргызстанда 527 миң 980 адам вакцина алды. Жалпысынан, калктын 7-8 пайызы эмделди. Бирок 6,5 миллион жарандын баарын эле эсепке ала албайбыз да. Бир миллионго жакын адам миграцияда жана бул алты миллиондун ичинде жаш балдар да бар. Буларды алып салганыбызда эмгекке жарамдуу калктын 20 пайыздан ашыгы вакцина алды.

Акыркы маалыматтарга караганда, 19 миң 80 адам эмдөөдөн өттү. Ошонун ичинен биринчисин алгандар 17 494 болсо, экинчисине келгендер 1 586 болуп жатат. Алгач эмделүүгө өтө үгүттөгөнүбүз жок. Анткени COVAX механизми боюнча башында дүйнө мамлекеттери бизге 1 млн 200 миң адамга вакцина бериши керек эле. Аны бере алган жок. Орусия деле өзүн-өзү камсыздай албай жатат.

Башка вакцина чыгарган мамлекеттер деле элин жалпы эмдөөдөн өткөрө алган эмес. Алар деле өз жарандарын толук камсыздай элек. Бизге Кытай эң көп жардам берди. Башында 150 миң доза берген. Эми 1 млн 250 миң доза берди. Кытай 1 млрд 600 миллион жаранын эмдөөдөн өткөргөн. Андан тышкары 65 өлкөдө Sinopharm сайылууда.

Индиядагы эпидемиологиялык абал оор болчу. Азыр 450 миллион адамга вакцина жасаган соң, оору кескин түрдө ылдыйга кетти. Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар, биринде ооругандан кийинки иммунитеттин деңгээли, экинчиси вакцина алуу керек. Вакцинациядан кийин антитело пайда болушуна 100 пайыз кепилдик бар. Сауд Аравиясына зыяратка барганда да коронавируска эмдөө албагандарды киргизбейт. Мусулман өлкөлөрүндө да ушул талап коюлган.

Мындан тышкары, америкалык окумуштуулар тоё тамак жебеген адамдар COVID-19 илдетинин оор түрүнө чалдыгаарын аныктады. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгын Scientific Reports журналы жарыялаган. Эксперттер командасы чала тойгондор менен коронавирустун оор формасы ортосундагы байланыш изилденген. Ал үчүн АКШда 2020-жылдын март айынан июнга чейин COVID-19га кабылып, ооруканага түшкөн 8 604 жаш баланын жана 94 495 чоң кишинин маалыматы алынган.

Анда тоё тамак жебегенде иммундук системанын кадимки калыбында иштөө нормасы бузулуп, вирустук инфекцияны жугузуу кооптуулугу жогорулаары тастыкталган. Ковиддин оор формасына чалдыккан балдардын 7,5 пайызына "тамакты аз жеген" деген диагноз коюлган. Ошол эле учурда жеңил түрү менен ооругандардын 1,5 пайызында гана ушундай диагноз болгон. Ал эми чоңдор арасында төрт пайызы аз тамактануунун кесепетин тартса, 1,8 пайызы жеңил түрү менен ооруп айыккан. Муну менен чала тойгон балдар да, улуулар да COVID-19дун оор формасына чалдыгаары белгилүү болгон. Ошондой эле кичинекейлерде жана 79 жаштан жогорку курактагыларда кооптуулук жогору экени аныкталган.

Авторлор жасаган эмгеги коомдук саламаттык сактоого пайдасы тиерин белгилеп, бул топко кирген адамдардын COVID-19дун оор формасына өтүп кетишинин алдын алууга жардам берээрин болжойт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында коронавирус инфекциясынан улам пайда болгон ковиддин пандемиясын жарыялаган. ДССУнун акыркы маалыматтарына ылайык, ааламда бул илдетке кабылгандардын саны 165 миллиондон ашкан. Анын ичинен 3,4 миллион бейтап оорудан көз жумган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости