www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көргөзмөдө кум менен сүрөт тартуу, эпостун тарыхындагы сүрөттөр жана Кыргыз элинин маданий каада-салттары, кол өнөрчүлүк жөнүндө эпикалык окуялар жана көркөм тасмалар менен чагылдырылган сүрөттөрү санариптештирилип “Манас” китептери корей тилинде гана көргөзүлдү. Мындан тышкары мини-боз үйлөрдү чогултуу, кагазга эпостогу сүрөттөрдү тарттуу боюнча дагы өзүнчө мастер-класстар уюштурулду.

Көргөзмөгө катышып жатып Кыргыз Элчиси Динара Кемелова Азия маданият борборунун Президенти Ли Жин-сиг мырза менен дагы жолугушуп, кийинки пландаштырылып жаткан маданий жана гуманитардык тармагында кызматташуу менен бирге Кыргыз Республикасындагы туризмди Кореяда жайылтуу боюнча суроолорду кең-кесири талкуулашты. Маселен, Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн жана Кыргыз киносунун күндөрүн өткөрүү туурасында макулдашып, муну менен бирге Кванджу шаарында алдыда өтө турган жармаңке жана көргөзмөлөргө Кыргызстандын дагы катышаары жөнүндө өз ара макулдашышты.

Анткени, Азия маданият Борборунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары кол өнөр чыгармачылыгы боюнча мастер-класс үйрөнүшүп, тажрыйба дагы арттырышса болот. Ушундан соң Кванджу шаарынын Вице-мэри Ли Биоң-нун мырза менен дагы жолугушуу жүрдү.

Анда аймактар аралык кызматташуу боюнча маселелер орой-чарай талкууланды. Мисалы, Элчи Динара Кемелова тарабынан Ош шаары менен бир туугандык мамиле түзүү демилгеси сунуш этилди. Муну менен катар Кыргыз Республикасында өндүрүлүп чыгарылган өндүрүмдөрдү Кореяга экспорт кылуу жагы дагы абдан катуу талкууланды.

Булак: “Майдан.Kg”

Последние новости