www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Зеландиядагы мусулмандарга кол салуу окуясы мусулмандар үчүн чечүүчү кадамдарга баруунун убагы келгенин дагы бир жол көрсөттү окшойт. Шашылбайлы, изилдеп, окуп чыгалы. Бүгүнкү Батыш ким? Батыш бүгүнкү ийгилигине кантип жетишти? 1500-жылдан баштап Батышты азыркыдай күчтүү кылган шарттарды, окуяларды болушунча жыйынтыктап айтып бергенге аракет кылдык. 1500-жылдар....

1. Россия жүздөгөн жылдар көз арткан, улуу цивилизациялар жаралган Ак Деңиз- Осмон империясынын ээлигинде болду. Батыш Европа болсо Ак Деңиздин артында калган кунарсыз, маанисиз бакча сыяктуу эле. Көзгө көрүнөөрлүк, колго урунаарлык эч нерсе жок. Тарыхтагы эң чон императорлук делген Рим империясы деле күчүн жана байлыгын Түндүк Африка, Балкан, Орто Чыгыш аймактарынан топточу. Римдин Батыш Европа аймактары жапайы болгон эле. Кен байлыктары жана кулдарды бергенден башка императорлукка пайдасы деле аз. Ушунчалык жапайы, ушунчалык жийиркеничтүү болчу, басып алганга да татыбайт эле. Европалыктарды минтип мен шылдыңдап аткан жокмун. Израилдик тарыхчы Yuval Noah Harari жазган. Ал учурларда болжол менен Азиянын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 80%ын түзчү. *( Mark, Origins of the Modem World, s. 81). Батыш Европаны Азия менен байланыштырган соода жолдору да бир жагынан Осмон Империясы, бир жагынан Россия империясы тарабынан ээленип, алар барган сайын Батышка карап жайылып, европалыктарды кысып келаткан. Соода жүгүртүү барган сайын кымбаттап, кедей Европа экономикалык жактан чөгүп бараткан.

2. Билим тармагын айта турган болсок, 10-кылымда эле Азыркы Орто Азиянын аймагында 27 жаштардагы аль-Бируни, 20 жаштардагы Ибн-Сина менен “жылдыздардын арасында башка да күн системасы сыяктуу бир система барбы?” дегендей азыр да актуалдуу илимий, философиялык суроолорду талкуулап, Орто Азия илимдин алтын чагын жашап аткан. Ал мезгилде эмес, андан 600 жылдан кийин (1548-1600) Батышта илимпоз Джордано Бруно ааламдын көптүгүн айткандыгы үчүн жазаланып, өрттөлүп өлтүрүлгөн. Орто Азиянын окумуштуулары андан 600 жыл мурда эле биз “жер планетасындагылар” ааламда жалгыз эмеспиз. Уникалдуу болушубуз мүмкүн бирок, жалгыз эмеспиз деп болжолдошкон болчу. Аль-Бируни Колумбга чейин 500 жыл мурда эле Америка континентинин бар экендигин теориялык түрдө ачкан, Ибн-Синанын “Дарыгердик илимдин канону” 9-10 кылымда жазылса да 16-кылымга чейин Европа баш болуп дүйнөнүн бардык бардык университеттеринде медициналык факультеттерде негизги китеп болгон. 600 жыл бою Европада Ибн-Синанын медицина китебине альтернатива болчу китеп чыккан эмес. Көптөгөн окумуштуулар Бируна менен Ибн Синаны бир гана антикалык доордун жана кайра жаралуу доорунун гана эмес, азыркы учурдун да улуу акыл ээлери деп эсептешет. *(Утраченное Просвещение. золотой век Центральной Азии от арабского завоевания до времен Тамерлана).Кыскасы, 1500-жылы Европадагы илим-билимдин деңгээли ушундай эле.

3. Католик менен Протестан мазхабдарынын согушу 1500-жылдарда Европаны канга боеду. Адамдар бир-бирин тобу менен кырышты. Жагдай өтө курч болгон. Бир эле мисал келтирсек: 1572-жылы Франциянын католиктери, Франциянын протестандарына кол салышты. Варфоломе́евская ночь - деп аталган массалык өлтүрүүдө бир суткага жетпеген убакытта 10 миң протестан өлтүрүлдү. Рим Папасы Францияда болгон бул окуянын кабары жеткенде ушунчалык бактылуу болуптур, бул күндүн урматына атайын медаль уюштурган. Мынчалык көп адамдын, бир заматта өлтүрүлүүсү ошол учурдун шарттары менен караганда өтө эле коркунучтуу окуя. Европа бул проблемалардын ичинде жок болуп бараткан. Бир жолун табуу керек эле. Бир жактан түрктөр-мусулмандар, бир жактан Россия империясы. Бир тараптан караңгылык, сабатсыздык. Дагы бир тараптан диний мазхабдар согушу. Кайсы жол калды?

************************************************************

Океандын ары жагына үмүт

Европанын эн чоң үмүтү деңиз, океандарда болгон. 1. Бир континеттин 100 миллион адамы жок кылынды Колумб Испаниянын королдугунан колдоо таап, Индияга барчу деңиз жолун издеп жолго чыкты. Жаңы соода жолун өздөштүрүү керек эле. Американы тапты. Испания баш болуп Америка континентин ээлеп башташты. Бир нече королдуктар тыптыйпыл жок болду, континеттеги 80-100 миллион жергиликтүү калк тукум курут кылынды. Испаниялыктар королунун, банкирлеринин, соодагерлеринин кыялына да келбеген алтын, күмүш, шекер, тамеки аймактарын ээлешти. Кызыгы континенттеги элдерди басып алуу бир учурда эмес, кезеги менен басылып алынып атты. Эч бир уруу *(же өрөөн) кошунасын басып, кыргын салып жатканда, андан кабары болгон эмес, же билсе да бул проблема мага тиешеси жок, өзүбүз тынч болсок болду деген ой жүгүртүүдө болгонбу айтор, алар бир-бирден Европанын жемине айланган.

2. Австралиялыктардын 90%ы ууланып жоготулду. Тирүү калгандары кутула алгыс балекеттин ичинде эле Жеймс Куктун Англия королдугу тарабынан каржыланган кемеси Австралияны жана аны менен кошо көптөгөн аралдарды “таап” Англияныкы деп атады. Австралия, Тасмания, Жаңы Зеландияны Англиянын басып алуусу, миллиондогон Европалыктын жаңы колониялаштырылган жерлерге жайгашуусуна жана жергиликтүү элдин кырылып, жок болуусуна алып келди. Бул сапардан кийинки 100 жылдын ичинде Жаңы Зеландия толугу менен басып алынды жана жергиликтүү элдин 90% жок кылынды. Тирүү калгандары ырайымсыз рассалык бөлүнүүчүлүккө учурады. Куктун сапары Австралиянын аборигендери менен Жаңы Зеландиянын Маорилери үчүн кутула алгыс балээнин башы болчу. Тасманиялыктарды тукум курут кылып, сөөктөрүн да илимге пайдаланышты Тасманиянын жергиликтүүлөрү үчүн андан да жаман болду. Куктун аралга жайгашкандан кийин жергиликтүүлөрдү жаратылыш байлыктары мол аймактардан сүрүп чыгарышты. Анан аларды аң уулагандай уулап өлтүрүштү. Тирүү калган аз сандагы тасманиялык бир топтоо лагерине чогултулду. Жаңыча ой жүгүрткөн адамдарга айлантуу үчүн аларды миссионерлер Христиандыкка окутуп баштады. Анан кийим тигүү, дыйканчылык сыяктуу өндүрүш үчүн кул катары иштетип башташты. Тасманиялыктар баарына чыдашты. Бирок, жашоого кызыгуусу жоголуп, бала төрөбөй калышкан. Европалыктардан кутулуунун жалгыз жолу бар эле: өлүмдү тандашты. Бирок, Европа аларды өлгөндө да жөн койгон жок. Акыркы Тасманиялыктардын сөөктөрүн антропологдор алып мүчөлөнүп ченелди, тартылды, илимий макалаларга тема болду. Андан кийин скелеттери түрдүү музейлерде антропологиялык коллекцияларга кошулду. Тасманиялык акыркы жергиликтүү адамдын сөөгүн 300 жылдан кийин 1976-жылы гана көмүүгө уруксат берилди. Батыштын билими менен империализми (баскынчылыгы) ушинтип бири биринен айрылбай өнүгүп келе жатты.

3.Африканын алтын алмазын тоношту. Анан Американын 100 миллион адамын кырып жоготуп, эми ал континетке иштеткенге Африкадан кул ташып башташты. Ал арада Африканы да жөн койгон жок. Осмон Империясынын карамагына кирбеген Африка мамлекеттерин Европа басып алды. Африкадан алмаз же алтын кенин таап, чоң компанияны негиздөө ар бир Европалыктын кыялына айланып калган эле. Европанын ач көздүгү аны менен да чектелген жок. Африкадан адамдарды кармап кул катары Америкага сатуу чоң бизнеске айланды. Кул сатуу боюнча иштеген компаниялар Амстердам, Лондон жана Париж биржаларында иштешти. Эмне үчүн Америкага? Америкадагы жергиликтүүлөрдү кырып жоготкондон кийин, жаратылыш байлыгы мол Америка континентинен киреше табуу үчүн адам күчү керек эле. 16-кылымдан 19-кылымга чейин 10 миллион Африкалык кул Америкага алып келинди. Алардын иштөө шарттары ушунчалык катаал болчу. Көбү кыска өмүр жашашты. Африкадан Америкага чейин ташып келатканда жолдогу кыйынчылыктан канчасы өлүп калышчу.

4.Бүгүнкү “демократия орнотобуз” ураанынын ал кездеги версиясы “илим-маданият алып келдик” болчу Бул арада Англиялык British East India Company Индияны басып алды (ал учурда бир жеке менчик компаниянын бир мамлекетти басып алуусу нормалдуу көрүнүш эле). Империалисттер ал кезде басып алган аймактарына “силерге илим-билим, маданият, технология алып келебиз. Силерди да өнүктүрөбүз” деген ураан менен келишип, жергиликтүүлөрдү жакшы ниетте жакшы проектер менен келатканына ишендиришкен. Азыркы варианты “демократия орнотобуз, сөз эркиндиги, аялдардын эркиндиги алып келебиз”.

5.Англия экономикалык саясаты: Эң бай штат Бенгалинин 3/1 и ачкалыктан өлдү! Албетте, фактылар бул жомокторду тез эле жокко чыгарып аткан. Уурдоо, талап-тоноодон башканы билбеген ачкөз англиялыктар Индиянын эң бай штаты болгон Бенгалды 1764-жылы басып алышты. Тез арада аймакта жокчулук жарата турган экономикалык саясат жүргүзүшүп ал 1769-1773-жылдар уланды. Бул апаатта ачкачылыктан штаттын калкынын үчтөн бири же 10 миллион Бенгалдык жок болду. Мунун баары Англиялыктар аймакка келгенден 10 жылга жетпеген убакытта болуп өттү. Булардын баары бир Европалык шекерлүү чай ичсин, таттуу жесин, Кытайдын чынысын алсын, Индиянын татымалдарын жесин үчүн болуп атты. Мындай чоң балээге кабылгандар бир гана Америкадагы, Африкадагы, Австралиядагы же аралдардагы жергиликтүүлөр эмес болчу. Азиянын улуу императорлуктары Осмон империясы, Кытайдагы хандыктар Европалыктардын чоң ачылыш жасаганын билишкен. Эмне үчүн мусулмандар же кытайлар эмес? Технологиялык жактан Осмон империясынын деле Европалыктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрү болгон. Америкадан бир канча аймакка ээлик кылып алышса болмок. Бирок, ой жүгүртүүсү, логикасы Англиялыктардай эмес болчу. Англиялыктардын технологиялык жактан алдыда болбосо деле, капиталист (же “уурулук, талап тоноочулук”) сыяктуу логикасы бар эле. Мындай мамиле жасаганга көнүп калышкан болчу. Франция менен АКШ деле Англиянын жолун жолдоп “ийгиликтүү” болушту. Себеби алардын идеологиялык мадания баалуулуктары ишенимдери окшош болчу. Кытайлар менен Мусулмандар, түрктөрдүн ойлонуусу логикасы башкача болгон. Коомдо да кирешеге карап мамиле кылуу эмес, башкача баалуулуктар өкүм сүргөн. Ошондуктан бул “уурулук, талап-тоноо”саясатында алар ийгиликтүү боло алышкан жок. Осмон империясы, Индиялыктар же Кытайлыктар жагдайды баамдап, өнүгүүгө кадам койгондо өтө кеч болчу. Индустрияга жаткыра турган инвестициясы жок эле. Осмон Империясында кредит, пайыз арам деп отурганда, Амстердам ири финансылык борборго айланган эле...

Илим-билим, технологиянын кызматы!

Билим дегенде, өтө позитивдүү ойлонбоңуз. Кайсы бир илимий проект каржылаганда байытабы, күчтөндүрөбү деген ойдун негизинде гана каржыланган. Дүйнөдөгү адамзаттын бактылуулугун кантип көбөйтөбүз дегендей темадагы изилдөөлөр спонсор таап ишке ашуусу кыйын болчу. Мисалы жаш балдардын психологиясын изилдеп, дагы канткенде аларды бактылуу кыла алабыз дегендей изилдөө менен, уйларда сүттүүлүктү көбөйтүүчү химиялык зат ойлоп табуу сыяктуу эки изилдөөнүн кайсынысы изилдениши мүмкүн? Албетте экинчиси. 
Маданияттарды изилдөө. Билим Мусулмандардын тарыхын үйрөнүп баалуу мурастарын азыркы муунга жеткирели, жакшы сапаттарын үйронөлү деп изилдеген эмес. Булардын маданиятында кандай оош-кыйыштар бар, кандай каршылаштыктар бар, кайсы тарыхын кантип өзүбүздүн саясатты жүргүзүү үчүн, бийликти сактап калуу үчүн колдонобуз деген максатта изилдеген.
Аны менен да калбай, биологдор, антропологдор лингвисттер Европанын улуу эл экенин, акылдуурак экенин далилдеген бир топ илимий изилдөөлөрдү жасап, Европанын башка элдердин үстүнөн үстөмдүгү жана башкаруусу зарыл экенин, башкаларга жол көрсөтүп, илимге жол ачуусу керектигин айтып чыгышты. 

Бүгүн баарыбыз сөз жүзүндө Европаны ушунчалык жаман көрүп жаткан болушубуз мүмкүн. Бирок, планетадагы ар бир адам саясат, медицина, согуш, террор, экономиканы Европанын көзү менен, батыштын медиасы менен тааныйт. Европанын мелодиясы менен жазылган музыкаларды угат, кинолорду көрөт. Дүйнөлүк экономикалык күч болуп келаткан Кытайдын экономикасы деле Европа финансы моделинде.

26 адам = 3,8 миллиард адам

Бул ачкөздүк саясаттын соңу эмнеге алып келди? 2019-жылдагы дүйнөлүк киреше позитивдик экономика менен караганда 1500-жылдагыга караганда өтө ийгиликтүү, байыдык. Бирок, нормативдик экономика менен караганда, өтө начар. 2019-жылы 26 эң бай адамдын байлыгы планетадагы калган жарым адамдын байлыгы менен бирдей.  26 = 3 800 000.

Тарыхты карап келечекти биле албайбыз. Бирок, азыркы абалыбызды жакшыраак түшүнөбүз.  Булардын баарын келечекте башыбызга кандай белээ келиши мүмкүн экенин түшүнүү үчүн билишибиз керек.Биз азыр өзүбүздү таануунун заманы келди. Биз деген биз- эл аралык мамилелер теориялары 3-дүйнө өлкөлөрү деп атаган өлкөлөрү.

Сөзүмдүн аягы. 1500-жылдардагы Европанын абалы менен азыркы учурдагы Ислам дүйнөсүнүн абалын салыштырып көрүңүздөр. Абалыбыз Кудайга шүгүр. Биз да ошол кездеги Европалыктарга окшоп бир жол таба турган абалга жетип атабыз. Мусулмандарга болгон кысымдын күчөшү, бул демек мусулмандар чоң секирик жасашына аз калды деп үмүттөндүрөт. 

Гиза Маматкулова, NazarNews.kg

Последние новости