www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта кошумча аккредитациялоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып,  төмөндөгүдөй токтом кылынат:

-Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо  тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизсин.

Бул  Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости