www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер, кечээ жакында эле камактан чыккан Бекболот Талгарбеков менен Атамбаевдин оппозицияга өтүшү жана камакка алынган мезгилде “Атамбаевден кечирим сурасаң чыгасың” деп моралдык-психологиялык жактан кысымга алышканы тууралуу баарлаштык.
-Бекболот агай, кептин башын экс-президент Алмазбек Атамбаев оппозицияга кетээрин жар салгандан баштасак. Атамбаев оппозициянын сап башында тура алабы?
-Атамбаевдин оппозицияга кеттим деп ачык айтып жар салганын кубатташыбыз керек. Себеби, биздин өлкөдө дайыма оппозиция болуп турганы жакшы. Бирок, ал оппозиция мыйзамдын гана чегинде иштеши керек. Эгерде Атамбаев мыйзам чегинде иш алып бара турган болсо кош колдоп колдошубуз керек. Себеби бизге оппозиция сөзсүз керек. Биздин коомдо оппозиция жок болсо, алдыга жылуу жок болуп начарлай берет. Атамбаев оппозиция болсо да, мыйзамдуу жол менен иш кылса, урмат-сыйга татыктуу болот. Эгерде ал төңкөрүш жасайм деген оюу болсо, ошол максатын ишке ашырууга аракет жасай баштаса, анда бүт коомчулук каршы турушубуз керек. Анткени, бул анын кезектеги акмакчылыгы болуп калат. Өзү “эки төңкөрүштү тең мен жасадым” деп айткан. Бул деген эки жолу акмактык кылып, кыргыз элине эки жолу чыккынчылык кылдым деген сөз. Эми үчүнчү жолу да чыккынчылык кылбашы керек. Башкача айтканда үчүнчү жолу андай иш кылышына мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Бул бир жагы. Экинчи жагы ал эч качан бириккен оппозициянын жетекчиси боло албайт. Себеби, аны көрүнүктүү саясатчылар, белдүү оппозициялык көз караштагы адамдар колдобойт. Ал бир гана топтун тагыраагы өзү жетектеген гана топтун башчысы болот. Кыргызстанда дагы күчтүү оппозиция чыгышы мүмкүн. Бирок, ал эч качан бириккен же күчтүү оппозициянын лидери боло албайт. Себеп дегенде анын саясий ресурсу түгөнгөн. Анын имиджи кадыр-баркы эл арасында абдан төмөн. Ал аны аңдабаган үчүн ушундай ой жүгүртүп, ушул максатта багыт алды. Атамбаев бийликке ыксыз асыла бербей үнүн чыгарып, бийликтин кемчилиги болсо ошону көзгө сайып көрсөтүп, ошондой эле Кыргызстанды мындан ары кантип өнүктүрүү боюнча ойлорун гана айтып турса болот. Эгерде ал алдыдагы парламенттик шайлоого катышам дей турган болсо, партиясын даярдап, тынчтык жолу менен парламентке барууга кам көрсүн. Бирок, ал канчалык аракет кылса да, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жете албайт.
-Бекназаров Атамбаев кекчилдигинин айынан оппозицияга кеткенин, өзү сүрөп келген бийликке каршы чыгуу үчүн ушул жолду тандаганын айтыптыр. Атамбаев башка аргасы жоктон улам оппозицияга кетип жаткан жокпу?
-Бекназаровдун айтып жатканы да туура. Жөндүү нерсени айтыптыр. Бирок, мен дагы айтам. Атамбаевдин оппозицияга кеттим деп жар салганын жаман көрбөшүбүз керек. Болгону мыйзамдуу жол менен гана алек болушун талап кылышыбыз керек. Атамбаев оппозицияга кетиптир, аны ал жакка жолотпош керек дегенибиз туура эмес. Оппозицияга бара берсин. Болгону, үчүнчү жолу чоң акмакчылыкты жасашына жол бербешибиз керек.
-Атамбаев форумдун алдында өткөн 17-марттагы жыйында үй-бүлөлүк, кландык режим орной баштаганын Жээнбековдор да оңой эмес экенин айтып, коңгуроо какты. Чындап эле Кыргызстанда ал чочулагандай жагдай орун ала баштадыбы?
-Атамбаев каккан азыркы коңгуроолору туура эмес. Менин оюмча диогнозду туура эмес коюп жатат. Сооронбай Жээнбеков эч кандай үй бүлөлүк кландык режимди күчүнө киргизген жок. Атамбаев арзыбаган нерсени айтканча, бийликти экономикалык өзгөртүү жасай албай жатканын, соттук укуктук реформа ишке ашпай жатканын, инвестиция тарта албай жатканын айтып сындаса орундуу болмок. Ушул нерселерди айтып, бийликти сындаса, мен Атамбаев туура маселени көтөрдү деп колдоор элем. Үй бүлөлүк, кландык башкаруу орной баштады деген дооматы чынында эле суу кечпей калды.
-Баса, экс-президент ошол жыйында сүйлөгөн сөзүндө Сооронбай Жээнбеков Райым миллион менен табакташ болгонун айтып, сынга алды. Чындап эле азыркы бийлик ага тымызын а жан тартып жатабы?
-Райым миллион боюнча койгон дооматы жалпы сөз. Ынанымдуу эмес. Райымдын канча жегенин, кандай жол менен Сооронбай Жээнбековду колго алганын, канча акча бергенин далилдесе, анда биз катардагы адам катары анын айтканына ынанып, жөнү бар экен, фактылары да жетиштүү экен демекпиз. Ошондуктан, Атамбаевдин Райым миллион боюнча айткан жүйөлөрү ынандырбайт.
-Эмне үчүн кыргыз саясатында оппозициянын башчылыгына кадыр –баркы бар, эл ээрчий тургандар адамдарга эмес, капчыктууларга басым жасалат? Бу сапар деле оппозициядагылар Атамбаевдин капчыгына таянып, аны оппозициянын башына коюшканы жатабы?
-Мындай көрүнүштөр биздин саясий элитабыздын деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп жатат. Бул маселе боюнча кезинде макала да жазгам. Ошондо кыргыздын саясий элитасы 100 жылдын ичинде үч жолу талкаланганына токтолгом. Биринчиси, үркүндө кыргынга учураган. Экинчиси, 37-38-жылдагы саясий репрессияда талкаланган. Үчүнчүсү, Ата Мекендик согушта жок болгон. Айтайын дегеним, согушка да тайманбаган мыкты, эр жүрөктөр биринчи барган. Ошентип, элитабыз акыркы 100 жылда оор соккуга учурап, көбүнесе коркок, ачкөз, кошоматчы саясий элита болуп калганына токтолгом. Советтер союзунда жашаган 70 жылда болгону эки гана адам бийликке каршы сөзүн айткан. Башкалары жогору жакка каяша айтмак турсун, алардын айтканын айткандай аткарып турушкан. Ошон үчүн 1990-жылдардан берки саясий элитабыз коркок, ачкөз, кошоматчы болуп калды. Ошон үчүн биз акчасы жок болсо да, кадыр-баркы бар, күчтүү адамды арабыздан чыгара албай жатабыз. Андай адам болсо да кылчактап колдоп кете албай жатабыз. Коом өзгөрүп отуруп, буюрса бир канча жылда ошого да жетебиз деген үмүтүм бар. Азырынча акчасы бар экен деп же чоң кландарды жетектейт экен деп жалганчы кептерге ынанып, ошондойлордун артынан ээрчип жатабыз.
-Акты ак, караны кара дээриңизди жакшы билебиз. Азыркы бийликке да сыныңыз барбы?
-Бир эмес, үч сыным бар. Биринчиси, азыркы бийлик эмнегедир инвестиция тартып келе албай, бул жагынан алсыз болуп жатат. Экинчиси, соттук укуктук реформаны жүргүзбөй жатат. Үчүнчүсү Атамбаевди жоопкерчилигин карап, түрмөгө отургузуш боюнча иш алып барбай жатышат. Себеби, Атамбаев “ири долбоорлордун башында мен турам, өзүм алып келгем” деп мойнуна алган жайы бар. Камакка алынгандардын айрымдары ага каршы көрсөтмө берип жатат деген да сөздөр бар. Жаңы бийлик өзгөчө Сооронбай Жээнбеков ишенип дайындаган Башкы прокурор Атамбаевге кылмыш ишин эбак ачып, СИЗОго отургузуп, Сапар Исаков, Калиевдер менен бирге ишин сотко өткөрүшү керек болчу.
- Бекболот мырза, сөздүн нугун сиздер камакка алынган мезгилге бурсак. Камакка алынганда ур-тепкиге кабылып, сиздерди караларга салып берүү аракеттери орун алган жокпу?
-Бизди караларга салып берген жок. Бирок, моралдык, психологиялык кысым абдан күчтүү болду. Анткени, бизди жөн эле камашкан жок. Катуу режимде кармашты. Үй-бүлөлөрүбүз менен жолугуубузга каршы болушту. Атамбаевден кечирим сурасаңар эле коё берип жиберебиз дешти. Жеке мени Атамбаевден кечирим сурабасаң 30-40 жылга же өмүр бою соттолосуң деп коркутушту. Кыскасы, моралдык, психологиялык кысымды абдан көрсөтүштү. Барынан кызыгы, колонияга которулганыбызда камалган адамдын ар бири каралардын тизмесине кирип, изилдөөдөн өтөөрүн билдик. Төрөбай Колубаев, Марат Султанов үчөөбүздү бир жуманын ичинде текшерип, “силер эл үчүн иштепсиңер. Бир дагы камогуңар жок экен. Силер общякка төлөбөйсүңөр, жазаңарды өтөй бергиле” деди. Алар госрегистрен да катуу текшеришерине таң калдым. Мен муну менен эмне айткым келет? Ошол кездеги расмий Атамбаевдин бийлиги зордук, зомбулук, башаламандык менен жашап жатса, каралар аларга салыштырмалуу мыйзамды сакташат экен. Бул деген трагикомедия. Керек болсо трагедия. Расмий бийлик каралардан жаман, каралар расмий бийликтен жакшы экенине сүйүнүшүбүз керек эмес. Буга биз өкүнүп, башыбызды кармап, бакырып, өкүрүп ыйлашыбыз керек. Каралар бизди иликтегенден кийин жайыбызга коюп, урмат-сый менен мамиле кыла башташты. Алар азыр камакка алынган коррупционерлерди күтүп, акулалар келет деп жатышат. Акулалар менен кошо кит да келип калабы деп жатышат.
-Жалган жалаа менен камакка алынган үч жылга чукул убакта эмне жоготтуңуз?
-Жеке өзүмдү алсам эч нерсе жоготкон жокмун. Бирок, үй-бүлөм моралдык, психологиялык катуу кысымга учурады. Мени ойлоп, санаркаган туугандарымдын, жакындарымдын ден соолугу начарлады. Бир тууган жездеме, бир тууган жеңеме топурак сала албай калдым. Бул мен үчүн өкүнүчтүү учурлар... Мени кубантканы ушул оор жагдайлар үй бүлөмдүн бекемдигин, туугандарымдын ынтымактуу экенин дагы бир жолу айгинеледи. Кызым, уулдарым кадимкидей такшалып, жоопкерчиликтүү болуп, кыйынчылыкты моюндарына алып, ар бир кадамын олуттуу таштап, кыйынчылыкты моюндарына алып калышканын байкадым. Кудай кошкон жубайым кандай кырдаал болсо да, бекем тураарына дагы бир жолу ынандым.
Чынайым Кутманалиева, Майдан кж