www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала COVID-19 менен катар башка инфекциялык илдеттерге туш болсо, организми катуу жабыркап, атургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу педиатр, медицина илимдеринин доктору Сергей Токаревге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Өзгөчө жугуштуу ооруларга каршы эмделбеген организмде бир нече вирустун жолугуп калуусу өтө кооптуу. Айрыкча коронавируска кабылган же андан жаңы сакайып келе жаткан балдарга кызылча, көк жөтөл сыяктуу оорулардын жолобой эле койгону жакшы. COVID-19дан алсырап турган организм бул вирустарды жеңе албай калышы мүмкүн", — деди Токарев.
Адистин айтымында, учурда бир жашка чейинки жана өспүрүм балдар арасында вирус көп жолугууда.
Буга чейин дарыгер балага COVID-19дун эң оор кесепети кайсы экенин айтып берген. Маалыматка караганда, айрым бөбөктөр коронавирустан айыккандан кийин мультисистемалык сезгенүү синдромуна туш болуп, тамак сиңирүү, дем алуу, нерв системалары жабыркап жатат.
Булак: NazarNews.kg