www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцинанын алгачкы дозалары бүгүн АКШнын 145 шаарына жеткирилери күтүлүүдө. Андан соң бул өлкөдө массалык эмдөө башталат.

Вакцинация 2 этапта өтөт: биринчиси берилген соң, экинчиси 21 күндөн кийин сайылат.

Америка бийлигинин планы боюнча, алгач вакцинаны АКШнын 21 миллион тургуну алат, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, ошондой эле карылар үйүндө жашаган 3 миллион адам бар.

Белгилей кетсек, өткөн жума АКШнын Саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар бийлик вакцина менен 20 миллион америкалыкты камсыз кыларын айткан.

Бул ортодо АКШда коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп алыш керек дегендердин катарына жогору кызматтардагы чиновниктер кирет, анын катарында Ак үйдүн айрым өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Эллитон маалымдаганын «Washington Post» порталы жазды.

Ошондой эле айрым маалымат булактары алгачкылардан болуп президент Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс эмдөө аларын жазып чыгышкан.

Ал эми буга байланыштуу Трамп билдирүү жасап, азырынча вакцина алуу планы жоктугун айтты. Ошондой эле башка аткаминерлер да муктаждык жок болсо, калктын маанилүү катмарынан кийин алса болорун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости